Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Матраимовдон үмүт кылган Каптагаев Көлдүн тогузунчу акеси болобу?

Матраимовдон үмүт кылган Каптагаев Көлдүн тогузунчу акеси болобу?

13-май, 12:27
814 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бир топ жыл мурун ойчул Ташкул Керексизовду Ысык-Көлдүн ар бир айыл өкмөтүнөн колдошуп, өкүлдөр келишип, Өрүктүдөн сегизинчи аке катары шайлашкан. Каз катар бозүйлөр тигилип, таман чыкма жылкылар союлуп, улуттук оюндардын коштоосунда миңдеген эл шаң-салтанат көтөрүшкөнү эсибизде. Натыйжада, көпчүлүк татыктуу тандоо жасашкан. Аке деген наамды Ташкул Керексизов өзгөчө из калтырганы үчүн алганын билебиз.

Эмне үчүн тогузунчу аке болуп Эмилбек Каптагаев шайланышы мүмкүн? Мындай кадыр-баркка жетүү – элге жасаган эмгегинин акыбети, аброюнан келип чыгат эмеспи. Жакында драматург Бексултан Жакиев өттү, андан соң кыргыздын чыгааны Ташкул Керексизов мезгилсиз дүйнө салды. (Экөө тең ковид кеселинен кетишти). Дал ушундай улуу инсандарды узатуу аземинде Эмилбек Саламатович татыктуу эскерүү жасап, доклад окуганына күбө болдук. Орундуу кеби, акыл чөйчөгүнүн тереңдиги менен коомчулукка жакканы байкалды. 

Мындан сырткары, Райымбек Матраимовду жамандай бербей, мамлекеттик кызмат берип, эл үчүн иштетүүнү Каптагаев жазып чыкты. Коңгуроо катары какты да. Бузукулардын бурмалоосуна татыктуу түрдө таканчык берди. Аныгында, Райым мырзанын токпейилдигин, кризис-менеджер катары кыйын шарттан жол табарын байкаптыр. Баракелде!

Негизи эле Эмилбек Каптагаев соңку жылдары саясый кырдаалга, экономикага, дээрлик коомдук турмушка таасын баа берип, кыргыздын нарктуу аксакалдык жолун улап, кара кылды как жаргандай вазыйпасын аркалап келатат. Дымактуу ыргагы менен Ысык-Көлдүн тогузунчу акеси катары көтөрүлсө жарашпайбы? Ар тараптуу акылмандыгы, карапайым элге жакындыгы менен аброю артса, салтка айланган бийик орду аныкталат да, туурабы?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер