Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Премьер-министр Абылгазиевдин кызматтан кетерине канча күн калды?

Премьер-министр Абылгазиевдин кызматтан кетерине канча күн калды?

13-февраль, 15:54
1 764 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өкмөттүн ишмердиги жалпы жонунан кризиске кептелди. Соңку эле көрүнүштөрдү карасак, ыраатсыздык, башаламандык орун алууда. Коомчулук болсо сын-пикир айта берип, чыңалуу апогейине жетти.

Башта Мамкаттоо төрагасына Алмаз Мамбетовду өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев мактап алып келип, анысы жыл айланбай интригага батып, коррупциялык көрүнүштөргө жол берди. Аягы жаманатты болуп кетти. Парламентке өкмөттүн сунуштап аткан вице-премьерлери коомчулук тарабынан кабыл алынбай, шакабага айланды. “Суучул” Эркин Асрандиев, “мал догдур” Акрам Мадумаровго депутаттар да каршылык көрсөткөн пикирлерин айтышты. Даражалуу кызматтарга иштей электе эле аксап жатышса, кайдагы алдыга жылууну айтабыз?

Дагы бир орчундуу көйгөй, буга чейин тоо кен тармагында элдин кызыкчылыгына каршы саясат жүрүп келгени, нааразычылык акциялар жаралганы, ортодон Кыргызстандагы инвестициялык климатты талкалашканы ачык далил. Учурда Ат-Башы логистикалык борборуна жергиликтүү тургундар каршы чыгышып, бул жаатта да өкмөт алдын ала ынанымдуу сүйлөшүүлөрдү жарата албай, аягында кырды бычак кырдаалды түзүп салды. Күн жылыса атбашылыктар айбат көрсөткөнү турушат...

Андан сырткары, күч органдары, саламаттык сактоо, билим берүү ж.б. тармактар да сазга батканы жашыруун эмес. Кайсы гана мекеме болбосун, иштөө ыргагы бузулган, тартип жок, анан кайдагы үлгү, жетишкендик болсун?

Ошентип, жазга карай олуттуу көйгөйлөр чогулуп калды. Садыр Жапаровдун тарапташтары митинг уюштурган жатса, ага койташтыктар, бейөкмөтчүлөр, камакка алынган саясатчылардын тарапташтары, ж.б. күчтөр кошулуп кетүү коркунучу болжонууда. Эмне кылуу керек? Бир гана өкмөттү отставкага кетирүү жолу бар. Анүстүнө, быйыл жаздан чыгып алсак, күзгө карай парламенттик шайлоого даярдык көрүлүшү шарт. Каалсак да, калабасак да саясый тирештер курчуп, эрикпейбиз. “Моюнунан байланган ит ууга жарабайт” дейт. Мындай шартта Абылгазиев менен алдыга жылуу кыйын го? Эмесе, өкмөт башчынын кызматтан кетерине канча күн калды?..

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер