Өкмөт туризмди өнүктүрүүгө качан көңүл бурат?


Кыргызстанга сырттан келген туристтер, ошондой эле ички эс алуучулар да Ысык-Көлгө, тоолорго кыдырганы жылдагыдан көп экени байкалууда. Албетте, бул көрүнүш кубандырат. Эс алуу жайларын камсыздаган ишкерлер пайда табышат, мамлекетке да киреше түшүүдө. Бирок өкүнүчтүү жагдай, өкмөт тарабынан туризмди өнүктүрүүгө тийешелүү шарттар көрүлбөй, сервис, тейлөө жогорку деңгээлде эмес. Табигый тоолорубузга, көлүбүзгө кызыккандар арбын. Мына ушул багытта туризмди өнүктүрүүгө кам көрүп, жаңы идея, демилгелер менен иштөө керек эле. Негизи өкмөт башчы Адылбек Касымалиевди, министр Мирбек Мамбеталиевди алсак, аталган тармакты көтөрүү боюнча иштегенге дараметтери жетпей жатышабы? Натыйжалуу аракеттерин көрө алган жокпуз. Кадр саясатынын “кашаңдыгы” мына ушул жерден эле кашкайып көрүнүп турбайбы!
"Азия Ньюс" гезити











