Көмүскөдөгү дарт, же биздин өлкөдө гепатиттен азап тарткандар
Арабызда миңдеген адамдар көмүскө дарт менен күрөшүп келишет. Аларга жардам берип, көйгөйүн чечсек болобу? Албетте. Мамлекеттик деңгээлде ойлоно турган маселе. Гепатит дартынын алдын алып, жалпы калкка вакцина сайдыруу боюнча бир эле активист Нурказы Батырбеков заркакшап айтып келет. Ал дартка чалдыккан адамдардын кайрылган каттарын редакциябызга сунуштады. Бул саналуу гана каттар. Минтип азап тарткандар миңдеп саналат.
Бир балам аскерден, бири чачтарачтан, неберем бала бакчадан жуктурду
-- Мен А.К. Гепатит оорусу биздин мамлекетте көмүскөдө калган дарт болуп калууда. Бул дарт тез эле өлүмгө алып келет, бирок аны менен эч кимдин иши жок. Бизге эч ким кол сунуп, жардам көрсөтпөй жатышат. Биздин коңшулаш мамлекеттерде, мисалы, Казакстан, Өзбекстан, Россияда гепатит менен ооругандар бекер дарыланып, бекер ооруканага жаткырылат. Ал эми бизде тескерисинче. Азыр алдын албагандыктан кээ бир үйлөрдө 4-5тен адамдар ооруп жатышат. Бул биздин өлкөнүн эң актуалдуу маселеси. Карапайым эл кыйналууда. Анализибиз бир тапшырганда эле 6-7 миң сом, ошондо дагы көбүн кошпогондо. Менин үй-бүлөмдө 5 адам гепатит В, Д менен жабыркайбыз. Күнү келгенде анализ эмес, дарыга да акчабыз жетпейт. Бир жылда бирибиз гана анализ тапшыра алабыз, калганыбыз кийинки жылдарга. Мына туугандар, кантип жашасак болот? Мамлекеттен эч кандай жардам жок. Эмдөөлөр, санитардык абал жок. Кимибиз кайсы жерден жугузганыбызды да билбейбиз. Азыр баары эле менчик болуп кетти. Кимге күнөө коюшту да биле албайсың. Бир балама аскерде жүргөндө контакт болгон. Небереме бала бакчадан, бир балама чачтарачтан, мага операциядан, жолдошума кан алмаштыргандан контакт болгон. Анан кимге кандай күнөө коё аласың? Ошентип бир үйдөн бешөөбүз ооруп калдык. Сиздерден сураныч, мамлекеттик деңгээлде жардам бериңиздер? Мындай көйгөйлөр карапайым элде көп.
А.К.
Балдарым дагы, өзүм дагы дарылана албай...
-- Мен Сатымбек К.А. Гепатит В менен ооруйм. Эки балам да гепатит В дартына чалдыккан. Убагында врачтар анализге жөнөтпөгөндүктөн вакцина сайылбай, минтип балдарыбызга да жуктуруп жатабыз. Өзүм эки жылдан бери ооруйм. Азыркы убакта балдарым дагы, өзүм дагы дарыланганга каражат таппай, кыйналып жатам. Азыр оорукчан балдарымды карап үйдө отурам.
Урматтуу саламаттык сактоо министрлиги, сиздерден суранам, балдарым менен майыптык группасына чыгарып, же кайсы бир тараптан колдооңуздарды күтөм. Учурда ар бирибизге 20 миңден (үчөөбүзгө 60 миң) кетет. Бизде боор ооруларынын дарысы өтө кымбат. Сиздерден суранарым лабораториялар менен сүйлөшүү жүргүзүп же вирустун дарыларын арзандатуу мүмкүнчүлүгү барбы?
Сатымбек К.А.
Үмүттөрүм өчүп, күзгү жалбырактай саргайып баратам
-- Мен Н.А., 42 жаштамын. Ноокат районунун Кара-Кой жайлоосунда жашайм. 2014-жылы онкологияга түшүп, гепатит В менен ооруп жүргөнүмдү билдим. Ашказанымды, май бездеримди, өтүмдү алып койгонун билдиришти онкологиядан. Ден соолугум күн сайын начарлап барат. Үстүмдө үйүм жок. Алты балам бар. Үй тургузмак турсун, тамак ичкенге шайым жетпей жатып калам.
Узарбек Жылкыбаев, бийлик кызматчылары, мен шордуунун үнүн уксаңар кана? Жашоодон үмүтүм үзүлбөй, бул жашоодо балдарымдын, бир туугандарымдын күлкүсүн угуп, жөн гана жашагым келет. Гепатит жармашып, өмүрүмдү кыскартып жатат. Үмүттөрүм өчүп, күзгү жалбырактай саргайып баратам.
Мага окшоп гепатит менен ооругандарга көйгөйдү чечип, жашоо, бакыт тартуулаңыздар! Гепатитти сурап алган эмесмин. Жеке тиш доктурдан жуктурдум. Эмне үчүн мыйзам бири-бирине каршы?
1. Жеке медициналык борборлорду эмнеге текшерүүгө тыюу салынат?
2. Эмнеге санитардык норма сакталбайт?
3. Ошондо биз саламаттык сактоо кызматына кардар болобузбу?
4. Адамдын өмүрүнө шалаакылык менен кол салган медициналык жайлардын кереги барбы?
5. Бейтап тишин дарылатып, анан өмүр бою гепатит болуп жашайбы?
6. Жеке тиш доктур, гинекология, чачтарач, сулуулук салон, сүлүк курт чаптагандар кумурскадай жайнады, пайдасынан зыяны көп. Көбүнесе ушулар жуктурат. Эмнеге ушул маселе жогорку деңгээлде чечилбейт?
Гепатит менен күрөшүүдө акча биринчи орунда турат. Экинчиси, препараттар. Акчам жок – демек, дарым жок. Иштейин десем күчүм жок. Мектепте мугалим болуп 9000 сом алам. Дарылануу орто эсеп менен 50 миңдин тегереги.
Н.А.
Биз аябай кыйналып кеттик, биздин да жашагыбыз келет
-- Мен Айтбаева З. 1966-жылы Өзгөн районунда туулгам. Гепатит В, Д оорусун тиштеримди тазалатып жүрүп, тиш доктурдан жуктуруп алгам. Төрт балам бар, өзүм оорума байланыштуу эч жерде иштебейм же пенсия албайм. Мен гепатит менен ооруганыма көп эле болгон экен. Врачтардын айтуусу боюнча бул оору билинбей жүрө берип, өт, бөйрөк, ашказан, уйку без, көкбоор жабыркап, оору чыдатпай калганда билинет экен. УЗИге түшсөм, “өтүң, бөйрөгүң ооруйт экен” десе, бөйрөккө укол алып жүргөм. 2020-жылы февралда УЗИге түшсөм, көкбоор шишип кетип, анан билинди. Мага окшогондордун канчасы азыр билбей жүрөт?
Кыргызстанда билимдүү, тажрыйбалуу гепаталог дарыгерлерибиздин жоктугу өкүнтөт. Акыркы мезгилде дарысыз калдык. Мени “вируска каршы укол ал” деген, тилекке каршы, акчанын жетишпегенинен ала албадым. Ошондуктан сиздерден, саламаттык сактоо министринен, жогорку бийликте отургандардан суранып кетет элем: гепатит менен ооругандарга дарыга жардам бериңиздерчи?! Биз аябай кыйналып кеттик. Биздин да жашагыбыз келет. Кыргызстандын келечегин ойлоп, Нургазыны колдоп, элибизди текшерип, вакцина маселесин чечип берсеңиздер. Сиздерден жакшы жооп күтөбүз. Кыргыз элибиздин келечегин ойлонолу!
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити