Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Илимди кантип пайдалуу уюштурса болот?

Илимди кантип пайдалуу уюштурса болот?

27-июнь, 22:27
524 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кандай гана өлкө болбосун, анын кирешесине эң чоң пайда алып келген адам эмгеги – бул илим болуп саналат. Мындай түшүнүктү талашып-тартышуунун деле кереги жок. Адамзаттын тарыхында кылымдар бою бул парадигма бекем ордун таап эле келген. Башка маселе, ошол илимий кызматкерге татыктуу маяна берип, анын чыгармачыл эмгектенүүсүнө керектүү шарт түзүп берүүдө турат. Бирок, ошол шартты чыныгы, таланттуу окумуштууга түзбөстөн, анын айлана-чекесине сүлүк курттай жармашып алган “илимий функционерлерге” тарттырып жибергенибиз өкүнүчтүү. Акыркы отуз жылда өлкөбүздө так ушундай кырдаал бекем орноп калган. Муну түп-тамырынан бери жулуп ыргытпасак болбойт. Азыр бизде “псевдоилимпоз, кытмыр, митайым, жердешчил-тууганчыл, өзүмчүл, зыянкеч” окумуштуу болумуштар толуп кетти. Кыргыз улуттук академиясы менен жогорку окуу жайлардагы “илимпоздордун” дээрлик 60-70%ы жогорку категорияларга кирет (!) деп так жана ишенимдүү эле айталы. Айрыкча тууганчылык жана жердешчилик жапайы илдет окумуштуулардын арасында кадыресе эле көрүнүш болуп калгандыгы өкүндүрөт.

Илим изилдөө иштерин уюштурууда биз, кыргыздар, өзүбүздүн акылыбызга гана таянуубуз абзел. Алдыбызга коюлган максатка жетүү үчүн өзүбүздүн гана моделди түзүп иш кылганыбыз оң. Ар кимдин оозун тиктеп, көзүн карай берип, илим, инновация жана жаңы технологияларды түзүү жаатында бүгүнкүдөй аянычтуу абалга кептелип отурабыз. Мисалы, заманбап электрондук техниканы алалы. СССРден энчи катары калган бул тармакты түп-тамырынан бери талкалап алдык. “Бөтөн элдин технологиясын көчүрүп, жан багабыз” деген шүдүңгүт “окумуштуу-инженерлердин” азабынан өзүбүздүн физика-математикалык илимий мектептерибиздин түбүнө биротоло жеттик. Электрондук технологиянын илимий фундаменти жана интеллектуалдык тамыры болгон заманбап моделдештирүүнү жана техникалык дизайндык жетишкендиктерибизди жок кылдык. Ушундай багытта эң алдыңкы болуп эмгектенишкен супертехнологиянын өкүлдөрү кошуна мамлекеттерге чыгып кетишти. Анткени, ал өлкөлөрдө керектүү техникалык инфраструктура сакталып калган да. Бизде электрондук өндүрүшкө зарыл табигый материалдар, алардын жаратылыш кендери да арбын болор эле. Аларды итбекер сатып, завод-фабрикаларды шылуун жана кыйраткыч “Песак” программасына курмандыкка чалып бердик. Мага жакында эле бир ректор болумуш айтып жатпайбы: “Агай, эмне эле күйпөлөктөп жүрөсүз? Биз баары бир АКШ, Япония, Кытай, Еврокошуун мамлекеттерине атаандаша албайбыз. Андан көрө ошолордун жасагандарына кайыл болуп эле күн көрүп жүрө бербейлиби” дейт. Мына сага, өзү ректор, түшүнүгү тиги! Анан ал макулук башкарган окуу жайдан кандай илимий кадрлар чыгат? 

Кыргызстан үчүн бүгүнкү күндүн илимий талабы бирөө эле – биз өзүбүздүн гана уникалдуу өндүрүшүбүздү колго алып, анын продуктысын чыгарып башташыбыз керек. Башка бирөөлөрдөн көчүрүп алып күн көрүү – ошолорго кул болуу менен барабар. ХХ кылымдын 70-80-жылдары АКШ бүт дүйнө жүзүнүн алдыңкы окумуштуу-инженерлерин өздөрүнө азгырып жана кызыктырып тартып алышкан. Алардын арасында СССРден кеткендер да арбын эле. Натыйжада, АКШда “Дүйнөлүк илимий лаборатория” аттуу программа ишке ашты. Ошол долбоордун алкагында алар башка өлкөлөргө өндүрүш лицензияларын сата башташты. Анткени, эң зор кирешени илимий изилдөөлөр берет экен. Өзүнчө эле заманбап илимий-экономикалык пирамида түзүлгөн да. АКШ өзү илим пирамидасынын чокусунда отурат, андан төмөндө технологияларды сатуу, ал эми пирамиданын негизи болуп өндүрүш турат. Алардын идеясы эң эле жөнөкөй: илимдин үстүнөн контролдук кылуу – бул эң алдыңкы адистерди топтоо жолу аркылуу дүйнөгө контролдук кылуу эмеспи. Чынында эле ошондой болду. “Муздак согушту” АКШ кадимкидей колго алды дагы, СССР баштаган социалисттик лагердин таш-талканын чыгарды. Бир гана Кытай акылмандык кылып, социализм менен капитализмдин айкалышкан моделин пайдаланып сакталып калды. Алтургай дүркүрөп өстү. Анткени, Кытай илимди эң алдыңкы орунга чыгарып, андан акчаны аяган жок. Анын илимпоздору коомдун эң урматтуу адамдарына айланышты. Көроокаттын азабын тартышкан жок. Ошондуктан, АКШ менен Кытай бүгүнкү күндө эң алдыңкы экономикалык державалар болуп эсептелет. Ал эми “эсил кайран” СССРден тараган республикалар илим менен инновацияны такыр артка таштап коюшту. Алардын лидерлерин байлык топтоо, жеке амбицияларын канааттандыруу ж.б. “пендечилик” кызыкчылыктар биротоло тушап алды. Ооба, кээ бир кошуналарыбыз тез эле акылына келишип, илимий-техникалык жана инновациялык прогресстин жолуна түшүштү. А биз бул жактан да артта калдык.

Кудайга шүгүр, дагы президент Садыр Жапаровдун жогорудагы осол саясаттын төркүнүнө өз убагында түшүнгөнү жакшы жышаан болду. Улуттук илимдер академиясына көңүл бура баштады. Анын эзелтен бери кам көрбөй калып кеткен башкы имаратын оңдотуп-түзөтүп берди. Баардык илимий кызматкерлеринин айлык маяналарын эки эсеге көтөрдү. Мына, жакында КУИАна жаңы статус ыйгарды. Андан соң бул илимий борбор президентке караштуу деген жогорку даражаны алды. Дагы эмне керек? Баш көтөрбөй иштеп, илимий жаңы жетишкендиктерди жаратуу гана калды. Ийгилик каалайм!

Азыр КУИАнын илимпоздоруна мурда жасалбаган мыкты шарттар түзүлдү. Мен алардын көбүнүн илимий жогорку квалификацияларын билем жана терең урматтайм. Бир гана бүдөмүк эки ой жүрөктү мыжып келет. Биринчиден, эмне үчүн көпчүлүк илимий кызматкерлер түз жерден эле онлайн режиминде үйлөрүндө иштеп калышты? Экинчиден, эмнеге илимге тийешеси жок эле мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелерге КУИАнын башкы имаратынан жана кээ бир институттарынан жаңы ремонт болгон бөлмөлөрү берилди? Же мен кырдаалды туура эмес түшүнүп жатамбы? Андай болсо ак чөп башта! Бул эмне КУИАнын келечегине ишенбөөчүлүкпү? А балким бизге белгисиз жаңы стратегиялык пландар бардыр? Мындай жагдай президентке маалымбы? Айтор, суроолор арбын. Кандай болгон күндө да КУИАсына заманбап деңгээлде шарт түзүп берилсе, анын илимий түшүмү тез эле бышып жетилет. Эң башкысы, артыбыздан дүркүрөп өсүп келе жаткан жаш илимий кадрларыбызда жагымдуу шарттар түзүлүп, натыйжада алар өлкөбүздүн экономикасын көтөрүүдө чечүүчү ролдорду ойношот. Академиялык жана университеттик илимди уюштуруунун бир нече жолдору аргасыздан төмөнкүдөй эске түшөт экен!

Азыркы доордо илимди уюштуруу – бул ар бир өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн эң эффективдүү жолу катары түшүнүүбүз абзел. Илимден даяр чечимдерди алып, аны практикага пайдалуу, сапаттуу колдонууну өздөштүрүүбүз керек. Биз, кыргызстандыктар, убагында илимий иштердин саны жана сапаты боюнча эч кимден калышпаган деңгээлде болгонбуз. Азыр деле ошондой кудуретибиз жетет, эгер аны туура уюштура алсак. Бирок, окумуштуу же илимпоз деген ыйык түшүнүктүн кадырын кетирип алдык. Андыктан илимдин бирден бир кыймылдаткычы болгон окумуштууга бүгүнкү күндө мындай талаптар коюлганы туура:

-- өзүнүн илимий адистиги боюнча бир гана кеңири жана терең билимге ээ болбостон, аны тынбай жаңы маалыматтар менен толуктап, тактап, тереңдетип туруусу;

-- өзүн курчап турган башка дүйнөлүк илимий багыттар менен кабардар болуп, алардын жетишкендиктерине адекваттуу түшүнүктөрдүн негизинде комментарий берүүсү;

-- башка илимий изилдөөлөрдөн кабардар болуп, алар менен биргелешкен жаңы илимий ачылыштарды жасоого жөндөмдүү болуусу; 

-- өзүнүн илимий иштери үчүн заманбап материалдык-техникалык базага ээлик кылуусу.

Бүгүнкү окумуштуу өзү жалгыз эч кандай дүйнөлүк деңгээлге жетише албайт. Гений Альберт Эйнштейндин доору өтүп кетти. Азыр илимий-изилдөө институттар менен университеттердин “заманы” өкүм сүрүп турган кези. Алтургай реалдуу илимий ачылышты жалгыз окумуштуу же жалпы илимий институт ишке ашыра албайт. Азыр эң эффективдүү илимий борбор – бул адистештирилген илимий лаборатория болуп эсептелет. Бул менин айныгыс ишенимим. Дал ушундай конкреттүү лабораторияларды түзүү жолунда АКШ дүйнөлүк илимий гегемонияга жетише алган. Алар деле бул жаатта жаңы ачылыш кылып жиберишкен жок. Алар өз келесоолугунун азабынан талкаланып калган СССРдин илимий лабораторияларынын моделин эле модернизациялап алышты. Мисалы, физика илими жаатындагы атактуу Пётр Капицанын, Игорь Курчатовдун, Сергей Королёвдун, Мстислав Келдыштын, Жорес Алфёровдун, ж.б. илимий лабораториялары эмне деген феномен?! Физика боюнча биздин кыргызстандык окумуштуулар Павел Чалов, Жаныбек Жээнбаев, Аскар Алыбаков, Ферран Заитовдор деле эл аралык деңгээлдеги илимий лабораторияларды түзүшкөн эле. Көп сандагы илимий ачылыштарды жасашкан жана ондогон кесипкөй физиктерди даярдашкан. Ошодой улуу адамдардын ийгиликтүү эмгектери жалаң гана фундаменталдуу илимий лабораторияларды түзүү менен байланыштуу. Илимий лабораториялар мамлекеттик жана жеке менчик болуп бөлүнөт. Бул моделди АКШ абдан эффективдүү пайдаланып келет. Мисалы, мамлекеттик лабораториялар – Лос-Аламос, Ливермор, Окридж, Наваль, ж.б. же жеке ишкер Илона Масктын укмуштуудай космостук лабораториялары. Мындай мисалдар толтура. Баардык өнүккөн өлкөлөр ушул жолго түшүшкөн. Айрыкча Кытай, Япония, Корея, ж.б. “Түштүк-Чыгыш жолборстору”. 

Ошентип, жаңы заманда илим реалдуу өндүрүштүк күчкө айланды. Ал эми илимий ишмердүүлүк алсак, өзүнчө эле индустриялык тармак болуп калды. Бул дүйнөлүк көз караш жана мамиле. А биздечи? Тилекке каршы, мактана ала турган эч нерсебиз жок. Кыргызстандагы илимдин көрсөткүчтөрү чала сабат, бирок өтө амбициялуу “илим функционерлеринин” отчеттору аркылуу эле даңазаланып келүүдө. Мындай кырдаалды президентибиз Садыр Жапаров 2024-жылдын 15-апрелинде КУИАдагы жолугушууда ташка тамга баскандай эле ачык айтып, ашкере кылып салды. Бирок, азыркыга чейин оң тыянак чыга элек. Бирок, “үмүтсүз шайтан” болбой, алдыга жаңы дем, кажыбас эмгек менен умтулганыбыз дурус. Башка жол жок! 

Кыргыз жаштары илимге умтулуп, инновациялык жана заманбап жаңы технологияларды ийгиликтүү өздөштүрүүгө жөндөмдүү экендигин тынымсыз айгинелеп келүүдө. Башка маселе, алдардын андан ары өсүп, өзүнүн талантын колдонууга шарт болбой жаткандыгы зор кайгы. Ошондуктан көп таланттар сыртка чыгып кетишүүдө. КУИАсын президент өзүнө түз караштуу кылганы туура саясат. Балким, биротоло таш болуп катып калган “бюрократиялык-консерватордук-сенектик” илимий номенкулатура менен шылуун “илим функционерлеринин” күндөрү бүтүп, жаңы эффективдүү илим системасынын кайра жаралуу доору башталаар деген эле үмүтүм бар!


Каныбек Осмоналиев, профессор  

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер