Күйөөмдүн жанында башка дүйнө пайда болду


Жакында күйөөм көп жылдан бери байланышпай жүргөн кызы менен кайрадан сүйлөшө баштады. Азырынча телефон аркылуу гана сүйлөшүп турушат. Кыздын энеси (мурдагы жубайы) да тынбай жаза баштады. Азыр болсо экөөндө тең жагынууга, жакын мамиле түзүүгө аракет кылып жатканы көрүнүп турат. Мурун алар таптакыр байланышчу эмес. Кийин күйөөм кызы менен сүйлөшүү максатында мурдагы аялын социалдык тармактардан издеп таап, ошондон кийин кайра кабарлаша башташты.
Ошондон бери менин ички дүйнөмдө тынчсыздануу пайда болду. Кээде биз урушуп кеткенде “ал бизди таштап, кайра аларга кетип калуусу мүмкүн” деген ой келет. Анткени ал жакта азыр баары “ысык” болуп жатат окшойт.
Мурда мындай ойлор болгон эмес. Мен биздин никебизге ишенчү элем. Эми анын жанында башка дүйнө пайда болду. Бул мен үчүн коркунучтуу сезиле баштады...
Жамал
"Азия Ньюс" гезити











