Жигитиме тез эле алданып, кош бойлуу болуп, ара жолдо калдым


Ал күнү мен эң бактылуу адам элем. Анткени, сүйүүгө кабылып, көзүмө эч нерсе көрүнбөй калган. Күндө көрүшсөк да, бири-бирибизди көргөнгө зар болуп кетебиз. Бир күнү Талгат “бир досумдун туулган күнү, барып келели” деди. Үйдө катуу кармашчу эле, эч жакка чыккан эмесмин, шаардан болсо өзүм билип каалаган жагыма барам. Жатакана жабылгыча келип калчумун. Ошентип каргашалуу күнү “мени сүйөт” деген жигитимди ээрчип алып, туулган күнгө бардым. Барган үйдө досу өзү эле экен, эч кандай туулган күн жок экенин билдим. Сүрөт көрдүк, тамак ичтик, мен “эми кетейин” десем, “макул, азыр жеткирип коём” деди. Сыртта сүйлөшүп отуруп, “кетейин” деп сумкама кирдим. Жүрөгүм “шуу” дей түштү, досу жок үйдө. Талгат аркаман келип кучактап калды.
Ал түнү абийиримден айрылып, кош бойлуу да болуп калдым. Баягы сүйүү өчтү. Жигитим кумга сиңген суудай жок болуп кетти. Эми кимге батам, кайда барам? Мага окшоп бармак тиштеп алданбагыла, кыздар! Менин жаңылыштыгым сабак болсун!
Жамал
"Азия Ньюс" гезити











