Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сокенин макамы алынса, биротоло чет өлкөгө качып кетпейби?

Сокенин макамы алынса, биротоло чет өлкөгө качып кетпейби?

28-август, 21:30
395 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президенттик мөөнөтүн аягына чейин өтөй албаган Сооронбай Жээнбековдун артынан бир топ кылмыш иштери келечекте козголору алдыртан болжонууда. Коррупция, рейдерлик басып алуу, пандемия убагындагы шалаакылык (элдин кырылганы), Кой-Таш коогалаңы, Октябрь төңкөрүшү ж.б. жоготуулар боюнча жазага тартылабы? Коомчулукта Сокенин өзгөчө макамы алынышы керектиги ар дайым талкууланып, көпчүлүктүн кыжырдануусун кайнатып келатат. Депутат Жеңиш Токторбаев дал ушул маселенин үстүнөн иштеп, мыйзам долбоору аркылуу экс-президенттерге карата жасалган артыкчылыктарды жоюу таризинде аракетин көрүүдө. Ал бир курдай Жогорку Кеңештен Сооронбай Жээнбеков Кара-Кулжага барып, кой кайтаруусун сунуштаган, резиденцияда жатканга акысы жок экенин баса белгилеп. Сыягы, күрдөөлдүү күз менен бул жааттан жаңылыктар козуйт окшойт. Соке биротоло чет өлкөгө качып кетпейби? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер