Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жанар Кадыралиев, астролог: “Президент акылмандык кылып, камактагыларды чыгарганы оң”

Жанар Кадыралиев, астролог: “Президент акылмандык кылып, камактагыларды чыгарганы оң”

28-октябрь, 09:48
1 802 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жанар мырза, кечээ биздин жоон топ оппозиционерлер, жарандык активисттер эки айга камакка алынышты. Ушулар тууралуу эмне айтат элең?

-- Негизи, сиз айтып аткандар камактан чыгышат. Булардын тезинен чыгып кеткени бийлик үчүн жакшы болот эле. Мурунку маегибизде “күз айларында өлкөдө чыңалуу болот” деп айткан жайым бар. Мына ошол күндөр келди. Бул чыңалууну мен эмнеге салыштырып атам? Жанагы дубалдын бетин шыбаарда алгач раствор жасап, тегерек четин коргондоп, ага суу куябыз. Эгер сууну көбүрөөк куюп койсок, чекеси жырылып кетет эмеспи. Ошол сыңары, эгер бийликтегилер бу жолку камактагыларды эртерээк бошотпосо, аягы чатакка айланып кетиши ыктымал. Бу жерде сырткы күчтөр да кызыкдар. Алар да абалдан пайдаланып, азыркы бийликтин туура эмес жактарын аңдып турушкансыйт. 

-- Туура эмес жагы дегенге түшүндүрмө берсең?

-- Бийлик башындагылар өлкө ичиндеги оппозиция маанайындагы саясатчылар менен тирешип, аларды ыгы жок камашып, үйлөрүн тинтүү менен опузалоо иштерин жасай беришсе, ансыз да чек ара маселесиндеги жаралган көйгөйлөр буга кошул-ташыл кедери тийет. “Сырткы күчтөрдүн таасири күчөп, кийлигишип кетпесе” дегеним эле. Ошон үчүн камактагыларды азыркы бийлик бошотушу керек “Үйрөнгөн жоо атышарга жакшы” дегендей, оппозициядагы саясатчылар менен азыркы бийлик алышып-кармашып жүргөнү оң, тиги үчүнчү күчтөр менен кармашканга, согушканга караганда... А баса, сиз бир жолу “бийлик башына келген адамга даанышман, ойчул, олуя, кара кылды как жарган калыс адам кеңешчи болушу керек” деп жаздыңыз эле. Ошол эске түшүп атат. Себеби, ар бир жаңы келген ажого ушундай адамдардын жоктугунан, туура акыл айтып, түз кеңеш бере албагандыгынан, президент өзү жабыркап атпайбы. Болбоду дегенде журт башчынын жанында шарлатан, бүбү-бакшы, көзү ачыктар эмес, күчтүү астролог болушу зарыл эле. 

-- Кемпир-Абад жөнүндө айтчы, эмне кылышсын?

-- Кемпир-Абадды өлкөбүзгө калтырыш керек! Калтырбаса Садыр Жапаровго жакшы болбойт. Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын мурунку президенти Ислам Каримов үчүн Зодиак жылдыз топтомунда 8-белги болгон. Унгар тоосунун айланасындагы маселеде Ислам Каримов инсульт алып, акыры бу дүйнө менен коштошту. А бу жерде Садыр Жапаров үчүн Шавкат Мирзиёев 8-белги Бөйөн (Рак) болуп атат жана биздин ажого өтө чоң зыян келтирет. Ошон үчүн этият болушу керек. А негизинен президент акылмандык кылып, Кемпир-Абадды токтото турганы оң жана жаңы камалгандардын баарын тез арада бошотсун, антпесе сырткы күчтөр катуу кийлигишип, аягы жакшылык менен бүтпөй калат...       


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер