Чыныбай ТУРСУНБЕКОВ, ЖК депутаты: “Чуру-чуу кылуунун бутасы – менмин!”


-- Чыныбай Акунович, Бишкек арак заводунун мыйзамсыз менчиктештирилгендиги боюнча ызы-чуу эмне менен бүттү?
-- Билбейм. Текшерип атышса керек.
-- Сиз эчтеке билбейсизби?
-- Мага тийешеси жок болсо, эмнени билмек элем?
-- ЖМКларда сизге байланыштырып атышпайбы.
-- Эми ЖМКларга, активисттерге башкалар кызыктуу эмес да. Бизге окшогондор кызыктуу.
-- Бул журналисттердин эле чыгарганы дейсизби?
-- Эми алардын аркасында бирөөлөр турса керек. Айталбайм, ким турганын.
-- Өзүңүзчө ойлонуп көрдүңүзбү, бул эмнеге байланыштуу?
-- Ойлонуп эле атам. Бирок, колдон кармап алган факт жок. Бирок, бул чуру-чуунун артында бирөө турганы байкалып эле турат. Бул бир эле эмес, бир нече жолу текшерилген иш. Күч органдары тарабынан да, оппозиция тарабынан да. Ошого карабай чуру-чуу кылып аткандарына караганда, бута – менмин.
-- Мурдагы президенттин командасында болгонуңуз үчүн эмеспи?
-- Мен эч бир командада эмесмин. Ха-ха-ха. Мен эркин гражданинмин...
"Азия Ньюс" гезити