Каныбек Осмоналиев, профессор: “Зулушевдин зор потенциалын президент толук пайдалана элек”

-- Каныбек агай, Курманкул Зулушевдин башкы прокурорлук кызматтан кеткени көптөргө табышмак болууда. Өз эрки менен кызматтан кетүүгө эмне себеп болду?
-- Кыргыз мамлекетинин бүгүнкү күндөгү статусу толугу менен президенттик башкарууга негизделген. Бул статус элдик реферерендумда 2021-жылдын январь айында эле айкын тастыкталган. Ошондуктан мындай чечимди президент өзү гана кабыл алат. Ооба, Кыргыз Республикасынын 80-беренесинин 3-пунктунун 10-пуктчасына ылайык президенттин сунуштамасы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмес добушу менен башкы прокурорду дайындоого, бошотууга жана жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет (!) деген норма бар эле. Бирок, Курманкул Зулушев өзү арыз жазган тура. Демек, мында эч кандай деле сыр катылган жок да. Ар бир иштин алды-арты болот дегендей. Зулушев жакшы иштеди. Албетте, кээ бир жетишпестик жактары дагы болгондур. Ал өзүнүн мекенчилдигин көргөзүп, мамлекеттик тилге күйөрман экендигин далилдеди. Ууру-коррупционерлердин тамагына тыгылган кылкан болду. Менимче, президент бул инсандын зор потенциалын толук пайдалана элек. Жакшы кадрлар жумушсуз калбашы шарт. Акаев менен Бакивди мыкты кадрлардын эле кусуру уруп кетпедиби! Алардын дагы убалдары бар эмеспи!
-- Ордо оюндары кызый баштадыбы, же саясаттын нугу башка жакка бурулдубу?
-- Ордо оюндары болуп келген жана мындан ары дагы боло берет. Бул бүткүл дүйнөлүк феномен. Башка маселе, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга сабаттуу кадрлар тандалып алынып, алар менен узак мөөнөттө иштесе гана натыйжалуу иштер орун алат. Мында жаш-кары, жердеш-тууганчылык, куда-сөөк деген бузукулук түшүнүктөр болбошу зарыл. Саясат өз нугу менен эле кетип бара жатат. Бир гана, акыркы жылдары ким эмнеге жөндөмдүү экендиктери билине баштады. Өзүн гана ойлогон ачкөз адамдар дагы деле бийлик бутагында отурушат. Мурда коррупция менен кармалгандар дагы деле болсо Акүйдү акмалап жүрүшөт. Президентке күчтүү эрк каалайм. Ал кишинин мойнунда өлкө тагдыры илинип турат.
-- Сизге кызмат сунушталдыбы?
-- Жок, мага эч ким жаңы кызмат сунуштай элек. Мени кызматтан бошотушканда "башка кызматка которулгандыгына байланыштуу" деген буйрук чыгарышкан. Ошондон бери эс алуудамын.
-- Фейсбукту жакшы колдоносуз. Ак-караны ылгай аласыз. Акыркы жылдары соцтармактармак аркылуу маселе чечкенди адат кылгандар, фейктердин армиясын агытып, максатына жетүүнү каалагандар арбыды го? Чын-жалганды койгулаштырып, элдин башын айлантуу чегине жеттиби?
-- Социалдык тармак – бул биринчи кезекте интернет ресурсу. Биздин коом үчүн жаңы көрүнүш. СССРдин учурунда кандай эле? Ал кезде өлкөнүн кубаттуу агитациясы менен пропагандасы жана башка үгүт маселелери КПССтин тийешелүү бөлүмдөрү аркылуу гана "эсептелип-чоттолуп" таркатылчу. Альтернативдик каналдар жокко эсе эле. Мындай ыкманын калың элге болгон таасири күчтүү болчу. Анан интернет, социалдык тармактар жаралды. Биздин Кыргызстан ошондо эле жүүнү боштук кылып, мындай өтө таасири бар ЖМКны көзөмөлдөп, ылгап алууга шайманы келбеди. Анысы аз келгенсип, кээ бир шылуун саясатчылар каалагандай пайдаланып кетишти. Аларды өлкөнүн коопсуздугу түк кызыктырган жок. Ушул эле жол менен "бизнесмен болумуштар", башкача айтканда, СССРден калган мал-мүлктү тоногон коррупционер-уурулар, кызыл-кулак соодагерлер, колу таза эмес депутаттыкка талапкерлер, арабөк саясый партиялар каалаганча колдонушту. Демек, соцтармактарга эл ишенип, жогоруда аты аталган шылуундардын көз караштары менен жашап калышты. Манипуляцияга өтө берилип алышып, чектен чыккан иштерди жасашты. Мисалы, фейктердин армиясы пайда болуп, алар саясатты кадимкидей эле жүргүзө башташты. Биздин кошуналардын баардыгы буга жол беришкен эмес. Ал эми бизде болсо, анык "эшек-жайлоо" болду. Анан акылы ордундагы адамдар түшүнүп, жалган маалымат менен чыныгы абалды аңдап билип калышты. Ишенич кетти. Болгону эле ушул. Келечекте саясый күрөштүн ачык-айрым формасы гана иштеп кетет. Бүт дүйнө цивиллизациясы бул таза жолго эбак эле түшүшкөн.