Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Садыр Нургожоевич элдин ой-пикирин эске алса, Догдуркүл Кендирбаеваны кетирсин...

Садыр Нургожоевич элдин ой-пикирин эске алса, Догдуркүл Кендирбаеваны кетирсин...

06-апрель, 19:45
722 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
“Азия Ньюс” гезити “12 жылдык билим берүү системасына өтсөк, келечек муунубузга канчалык деңгээлде пайдалуу?” деген суроону эл алдына коюп жатат. Бул боюнча сөз алган укук коргоочу Анара Дауталиева “билим берүү министри Кендирбаева Догдуркүл өлкөбүздүн жогорку жетекчилерин адаштырганын ачык айтышыбыз керек” деп, 12 жылдык системага өтүүгө даяр эместиктин 5 себебин көзгө сайып көрсөтүптүр.
«Сен өткөнгө ок атсаң, келечек сени замирбек менен атат» деп Абуталип айтчу эле деп Расул Гамзатов жазгандай, кеменгер Ленин түзгөн коммунисттик партиянын жетекчилиги менен туташ сабатсыз аталган кыргыз эли аз эле убакыттын ичинде илим-билимге жетишип, медицинада Иса Ахунбаев, көркөм адабиятта Түгөлбай Сыдыкбеков сыяктуу академиктер өсүп чыкты. Англичанин Поинтондун “кыргыз элин сабаттуу кылуу үчүн 100 жыл керек” дегени сандырак кеп болуп калды. Анткени СССРдин билим берүү системасы адамдын жаш өзгөчөлүгүн эске алуу менен (баланы 7 жаштан кабыл алган) мектептин окуу китептери өтө түшүнүктүү тилде жөнөкөйдөн татаалды карай жазылган. Гуманитардык жагын айтпаганда да Никитиндин арифметикасы (инициалдары эсимден чыгып кетиптир), Ларичевдин алгебрасы математикага кызыкпаган окуучу үчүн түшүнүктүү эле.
Орто жерден еврейлер кире калып, 2-класска белгисиз сан иксти табууну киргизип, Кочетков менен Кочетковалар алгебраны “анализдин башталышы” деп баш айлантма кылып салышты. 
СССРге чейин эле илгерки молдокелер дагы баланы 7 жашынан баштап окуткан. 7 – кыргызда бекеринен ыйык сан катары айтылбайт. Ушул куракта окууга киргендин баары өз заманынын илим-билимдүү адамдары болуп чыгышты. Аткени ата-энени Кудайындай көрүп, мугалимди ыйык киши катары санашчу. Мугалим отурган үйгө балдар кирчү эмес, көчөдө келатса ыйбаа кылышып, башка жакка бурулуп кетишчү. Демек, окутуучунун айткан-дегенин эки кылбай так аткарышчу. Ошон үчүн билим жугумдуу болгон.
Бүгүнкү күндө илгеркидей «эмне үй тапшырмасын аткарбайсың? Эмнеге сабакка даярданбай келдиң?» деп окутуучу окуучусунан талап кыла албайт. Башкача айтканда, мугалим окуучудан коркот. Анткени “өз укугуңду коргоп, алпештеп баккан ата-энеңди, окуткан мугалимиңди сотко бер” деп үйрөткөн Американын тарбиясын билет. Мугалимдин үнү кичине катуурак чыкса “менин укугум тебеленди, балдардын астында кагып-силкти” деп дароо соткага жазып, тийешелүү жерлерге маалымдайт. Мындайлар өлкөнүн ар кайсы жеринде болуп атпайбы. 
Бүгүнкү күндүн балдарынын кыял-жоругу такыр башкача. Тез ачууланат, мамилеси агрессивдүү. Анткени колдорунан мобилдик телефон түшпөйт. Тамак ичкенге кайыл болуп, уктаганда кошо алып жатат. Күндүз сабактан кийин кыймылдуу оюндарды ойногон баланы көрбөйсүн. Үйүндө бурч-бурчта телефон чукулап отурушат. Мектепте сабак учурунда да ушул көрүнүш. 
Мектепте иштегендердин дээрлик көпчүлүгү аялдар. Сабакка көңүл бурбай, оюна келгенди жасап отурган окуучунун жоруктарына ачуусу келген мугалим ички бук болуусун сыртка чыгара албай капаланып, ачууланып жүрүп нервный болуп, баш оорулууга айланат, аягында “ыраазымын мектебиңе, рахмат айлык акыңа” деп пенсия жашына жетпей эле мектептен кетип башташат. Мына сага 12 жылдык билим берүү!
Бүгүнкү күндө балдар дүйнөсүндө болуп жаткан эки трагедиялуу көрүнүштү эч ким көрбөй атабы же эч кимдин көргүсү келбей атабы? Биринчиси, мобилдик телефондун кесепетинен көздүн көрүүсүнөн ажырайт. Эртеңки күнү жалаң көз айнек тагынгандар пайда болот. Дайыма кыймылсыз отургандыктан, дене бой жагынан толук өспөй калышат. Түртүп койсо жыгылып кеткен кирбийгендер болот. 
Экинчиси, көркөм адабият – адамдын акыл-эсинин, жандүйнөсүнүн казынасы. Ошол акыл казынасы аркылуу жеткинчектердин, өспүрүмдөрдүн ойлонуусу, ой жүгүртүүсү, кыялдануусу, бир нерсеге умтулуусу өсөт, калыптанат. Эгерде “балдар китеп окубайт, баарын интернеттен окуп-билип алат” деген бойдон калсак, элестүү кылып айтканда, Тоголок Модонун Кемчонтойлоруна ээ болобуз. “О Кудай ай! Ыр окулбай калабы?” дейт Кыргыз эл жазуучусу Сейит Жетимишов.
Кэт Бука бабабыз «Сак болгун» деген эскерүүсүн эң аягында «Кудуреттүү элдерге кул болосуң, сак болгун» дептир. Чындыгында биз кудуреттүү элдердин курчоосунда турабыз. Эл-журтубузду келечекке жетелей турган жетекчибиз жок! Ошондуктан бири-бирибизди жамандап сүйлөп, ар кимди ээрчип кетип жатабыз. 
Догдуркүл Кендирбаева жөнүндө менин эч кандай жаман оюм жок, бирок бул жетекчинин эртеңки күнгө, келечекке өз алдынча жеке көз карашы (мировозрениеси) жок, кайсы бир таасирдүү адамдын дирижерлук таякчасы менен иштейт экен. Так кесе айтканда, 12 жылдык билим берүүгө өтсөк, мектептен ажырап калабыз. Жалпы билим берүүчү орто мектеп 10 жылдык болсо, балдар татыктуу билим, тарбия алышса, эртеңки күнү мектептен аскер кызматындагылар, врачтар, күчтүү финансисттер, экономисттер, куруучулар, инженер-техниктер өсүп чыгат. Демек, билим берүү министрлиги мамлекеттин жүрөгү менен мээси. Ошондуктан бул министрликке темирдей бекем эрки бар, билим деңгээли Тынч океандай чалкыган адам керек. Садыр Нургожоевич элдин ой-пикирин эске алса, Догдуркүл Кендирбаевага экс-министр наамы менен 50 миң сомдук пенсия чектеп берип, эс алууга чыгарса туура болот эле. 
«Бөрү карыса да бир койлук алы бар» демекчи, жашы улгайып баратса да артынан татыктуу уул-кыздар өсүп чыгып, эрезеге жеткенче, министрликти кармап турууга Советбек Байгазиевдин ал-күчү жетет деп ишенем. 
Кыргыз, кыргыз болуп жаралганы бардык жагынан өз алдынча болуп келген, Эч кимди туураган эмес. «Элүү жылда эл жаңы» дешкен мурункулар. Эл жаңы десе өңү-түсү, кебете-кемпири өзгөрүп кетти дегендик эмес, карылардын ордуна жаштар келатат дегендик. Демек, биздин ордубузга көкжал Манас, акылман Бакай, карыса да намыс алдырбаган Кошойлор келиши керек!
Муканскиф Усубакунов, Ысык-Көл району, Сары-Камыш айылы,   
Кан Кошой көчөсү №19
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер