“Биз оппозицияга каршы чыксак, Түндүк Кореяга айланып калышыбыз мүмкүн”
-- Бийликке карата сын-пикирлер пресса аркылуу айтылбай, эл чогулган жерлерде, той-аштарда жабык маанайда козуй баштадыбы? Оппозициянын орду бош калса, эртеңки күндөгү саясый кырдаалды кандайча элестетебиз?
Мавлян Аскарбеков, оппозиционер:
-- Баардык өнүккөн жана өнүгүүгө багыт алган мамлекеттерде сөзсүз оппозиция болушу керек. Оппозиция конструктивдүү, билимдүү, эң башкысы, тажрыйбалуу аракетин көрсөтсө... Тилекке каршы, азыр “оппозиция” деген сөздү бетине кармап, бийликке жетүүнү көздөгөн түркүн күчтөр бар. Арасында билимсиз маргиналдар, психикалык жактан жабыркагандар да жок эмес. Алар дагы бийликке жутунуп жатышат. Ошон үчүн сөзсүз конструктивдүү оппозиция болушуна шарт түзөлү. Бийлик дагы адекваттуу оппозициянын керектигин түшүнө билиши зарыл.
Өзүм билемдик кылып, “мен кыйынмын” деген адамдар аягында тоталитаризм, авторитаризм жолуна түшүп, жыйынтыгында, өзү да, мамлекет дагы жабыркаганын көрүп эле жүрөбүз. Эгер биз конструктивдүү оппозициянын болушуна каршылык кылсак, Түндүк Кореяга окшогон мамлекетке айланып калышыбыз мүмкүн. Ошон үчүн кыргыз мамлекетинде эркин ой жүгүртүүнү камсыздайлы. Себеби, май окуясын алсак, эл кыжырданса тез арада чогулуп, бат эле чоң күчкө айланып кетерин көрсөттү. Эл чогулса, бийликти алмаштырып койгон учурлар бизде бир эмес, бир канча жолу болгону баарыбыздын эсибизде.
Акаевди, Бакиевди, Жээнбековду чогулган эл заматта кетирип койгон. Ошондой жагдай жаралып калганда мамлекетти конструктивдүү оппозиция, элдин ишенимине ээ болгон лидерлер гана сактап кала алат. Билимдүү, тажрыйбалуу, эл ээрчий турган оппозициянын өсүшүнө шарт түзбөсөк, кокус коомчулук кыжырданган жагдай жаралса, мамлекетибизде жарандык согуш болуп же башаламандыкка айланып кетиши ыктымал. Ошон үчүн оппозициянын жогу да өтө опурталдуу маселе.
Мына ушундай жагдайдын баарын эске алып, бийлик дагы конструктивдүү оппозициянын маанилүү экенин түшүнүшү, туура кабыл алуусу керек. Мамлекеттин тагдырын маргиналдарга, радикалдарга же дагы бир диний фанаттарга таштап койбой, чындап саясый күрөш болушуна шарт түзүшү зарыл. Түркүн кырдаалды чыныгы лидерлер гана алдын аларын, оппозиция парламентин ичинде дагы, тышында да болушу маанилүүлүгүн түшүнүү зарыл. Конструктивдүү оппозицияны жаратуу – мезгилдин талабы.
Рамазан Дырылдаев, экс-элчи:
-- Кыргызстанда сөз эркиндигин, оппозицияны ооздуктоо мүмкүн эмес. Андай аракеттер тыянак бербейт. Оң-терс пикирлердин баары басма сөз каражаттарында айтылбаса, элди туңгуюкка алып барган жагдай жаралып, коомдо карама-каршылык күчөйт. Элдин да бугу чыкканга, ичиндеги нерсесин сыртка чыгарып айтканга мүмкүнчүлүк бериш керек. Тыюу күчөй берсе, жагдай заматта башка нукка бурулуп кетиши ыктымал.
Журналисттерди, оппозицияны “ооздуктайм” деп камай берүү да бийликке аброй алып келбейт. Кыргызстанда “камап кыйраттык, тынчыттык” деген менен эл аралык коомчулуктун сынына кабылып жатабыз. Дегеле камоо, коркутуу мамлекет башындагыларга жакшы натыйжа бербейт.
Бийлик эрежеге баш ийдирем, тартипке чакырам (!) десе, жөн коюшу керек. Сынды айтып-айтып, анан тынчып калышат. Эркин ойду күч менен токтотуу мүмкүн эмес. Кыбыр эткендин баарын көзөмөл кылган Путин деле сын айткандарды токтото албай жатат го?.. Бийликтегилер Кыргызстанда оппозициянын ордун бош калтыруу мүмкүн эмес экенин түшүнүп, кеменгерлик кылып, бийлик элге, оппоненттерине жакшы гана жагын көрсөтүшү зарыл.
Качкын Булатов, укук коргоочу:
-- Кыргыз эли Садыр Жапаровду шайлап жатканда баардык нерсе ачык айтылган. Баарына президент өзү жооптуу болорун билишкен. Тагыраагы, Садыр Жапаровду президент кылып шайласак, президенттик башкаруу болорун түшүнүшкөн. Эл өзү ушул жолду тандап, авторитардык режимди каалаган.
Себеби, эл партиялык башкаруунун да азабын тарткан. Партиялар элдин эмес, өз кызыкчылыктарын коргоорун, партиялык башкаруу мамлекетти өнүктүрбөй эле бизнеске айланганын жакшы билет. Ошон үчүн эл партияны жек көрүп, коалиция деп өз көмөчүнө күл тартып, каалаган министрликти алып, каалаганын коюп, кызматтарды сатып жыргашарын көпчүлүк жакшы билип калган. Ошон үчүн революция болгондо эл “партиялык башкаруунун кереги жок экен, баарына бир киши жооптуу болсо өнүгүү болот” деген ойдо болушкан. Мындай ойлонгонубузга өнүгө электигибиз, капитализм, эркин базар экономикасын жана демократиянын баарын көрө электигибиз себеп да...
Ары толкуп, бери толкуп отуруп, демократияны автократияга айлантып, ал өз башыбызга тийген. Себеби, кыргыздын тыңчыкмаларынын баары “дүжүргө” айланып, Кыргызстандын саясатын чалмакей чалганга шарт түзүп беришкен. Ошондуктан, баардык нерсе өзүбүздүн башыбызга муш болду. Кыскасы, жоопкерчиликсиз системадан жоопкерчиликтүү системага өтөбүз (!) деп президенттик башкарууну тандап, өзүбүз Конституцияны да кабыл алганбыз. Ушул жолду тандаганыбыз үчүн сөз эркиндиги дагы мурункудай эмес, чектөө бар. Камалгандар да арбын...
Садыр Жапаровдун командасындагы Акылбек Жапаров экономиканы жогорку деңгээлге көтөргөнү үчүн эч ким баштагыдай каршы да чыга албай калды. Кыргызстандын өнүгүп-өскөнү бийликке каршы күчтөргө жакпаса да, кыргыз элине жагып жатат. Эл өз оокатын өзү кылып, кредит алып, тоскоолдуксуз бизнес кыла башташты. Эң башкысы, туура саясат жүргүзүп жатышат. Тагыраагы, акыркы мезгилде байлардын мүлктөрүн мамлекетке кайтарышууда. Себеби, байлар менчиктештирүү мезгилинде өкмөттү алдап, “инвестиция тартабыз, Кыргызстанды өнүктүрөбүз, баланча жумушчу орунун түзөбүз” деп милдеттенмелерди алып, ошол мекеменин жерин, техникаларынын баарын сатып, жок кылып, азыр байып, ар кайсы чет мамлекетте тайраңдап жүрүшөт. Ошолордун баарын соттоп, ичиндеги ичеги-карыны да калбай калганча “кустуруш” керек. Мына ошол нерсени ишке ашыруу үчүн кармаган жерден канын чыгарган кайраттуу бийликтин болушу шарт. Ал – мезгилдин талабы.