Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аалы Молдоканов: "Ала жипти аттайм" деп чалынып жыгылгам"

Аалы Молдоканов: "Ала жипти аттайм" деп чалынып жыгылгам"

15-март, 22:00
2 931 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аалыкем СССР журналисттер союзунун мүчөсү, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, президентке караштуу мамлекеттик тил комиссиясынын котормо бөлүмүнүн башчысы жана бүгүнкү рубрикабыздын коногу.

-- Аалыке, үйүңүздө ким кожоюн?

-- Үй-бүлөнү чакан мамлекет деп жүрөбүз. Биздин мамлекеттин түптөлгөнүнө 46 жыл болду. Бизде бийлик маселеси демократиялуу жол менен чечилгендиктен, “оппозиция”, “митинг” дегендер жок. Шайлоо, ротация дайыма калыс өтөт. Үйгө киши келгенде, конокко барганда, “чогулуш, педсоветтерде” төрагалык байкеңде. Соода-сатык, ички, тышкы алакалар сыяктуу башка бардык жеңил эмес маселелерди жеңең башкарат. Банк, каржы жагы башынан эле бөлүнгөн, өз алдынча эркин өнүгүп жатат. Мен алты неберемди асырап жаткан жумуштары жок уул-келинимди үзгүлтүксүз инвестициялайм. Менин кийим-кечемди кыз-күйөөм, тамак-ашымды кайра эле байбичем каржылайт. 

-- Үйгө кеч барганда жеңемден заарканып турасызбы?

-- Кеч келгениме сүйүнөт, эрте барсам үйдөн кубалайт. Себеби, жеңең түн бир оокумга чейин кино көрөт. Жаш кезимде ТАСС деген конуп-түнөп иштеген мекемеде көп жыл иштеп, кеч калганга көндүрүп койгом. Акчаны көп тапкан эркекти аял сыйлайт эмеспи. Деректирибиз министр катары 360 сом алчу. Шахтадагыга окшоп маяна иштин көлөмүнө төлөнчү. Мен эң жаш, 2-3 норма аткарган котормочу катары айлыгым 500-600дөн түшчү эмес. Банкка сала берип, акча батпай кеткенде кайра куруу башталып, Гайдардын реформасы жеп кетти.

-- Мал союп, устукандаганды билесизби?

-- Атам жылкы баккан, кой баккан, Ленин ордени сыяктуу чоң сыйлыктардын баарын алган атактуу малчы болгондуктан, үйдөн конок үзүлчү эмес. Элди бештен кой, бирден уй же жылкыдан ашык күттүрбөй чектеп койгондо деле атам бир үйүр жылкы күтүп, майда малын 60-70тен кемиткен жок. Ар кандай коноктор, артисттер көп келчү. Сенин Жаныбек Турсунов деген агаң 35 жашында Кочкорго райком болгон. “Атам сиз келгенде куйруктуу кара козу союп коноктоп, колуңузга суу куйганымда, “мендей райком бол” деп бата бердиңиз эле” десем, “ошол атаңды алып келчи, мен да конок кылайын” деген болчу. Атам да, ал киши да өтүп кетти. Апам бар, 92ге толду. Ошентип, студент учурумда эле кой сойгонум билинип, мугалимдердин коюн союп жүрдүм. Сартпаев деген агайга, Галиева деген эжейге менчик кой сойгуч болчумун. Айлап пахтага, чөп чабыкка, кызылча отоого чыкканда штаттуу касапчы элем. Токтогулдун Толук деген жайлоосунда чөп чаптык. Бир агайыбыз арак алдырып, сууга салдырып коюп, куурдак жасата берип тажатчу. Бир жолу кочкорду союп жатсам, Тамара деген ашпоз кызга “керчөө куйкалап кел” дептир. Мас немеге жарай берет деп, кочкордун колтойгон умасын кесип карматып койсом, “керчөө ушундай болобу?” деп көпкө тиктеп турганда, ит көтөрө качып, агай “керчөөдөн” кур калган.

-- Жиниңиз чукулбу?

-- Атам раматылыкты жазбай тартып, ачуум өтө чукул, бирок абдан ак көңүлмүн. Атам калпычы жетекчилерди башкармасын баш кылып сартча сөгө турган. Кой туутка жакын тоютту үзгүлтүк кылган ферма башчыны Гүлсараттагы Танабайга окшоп айры менен кубалаган. Бирок, мындай кыял улгайган сайын алыстайт экен. 

-- Келинчегиңиз менен кандайча табышып калгансыз?

-- Окууга өтө албай, айылда, армияда жүрдүм. Акыры тааныш таап, филфакка кирдим. Армияда таластык балдар менен болгом, алардын мүнөзү тааныш эле. Таластык тыпыйган кыз менен окуп калдым. Аты-заты Шанти (кино бар го), анан үч жыл тарбиялап, үйлөнүп алдым.

Сүр эттин күчү менен баягы кичине кызды килейген келин кылдым. Беш кайнагам жалаң Аалылар (Жыйдалы, Сыйдалы, Бийалы, Эралы, Мукталы) экен. Кайнежелерим атам менен апама (Молдокан, Айнакан) окшоп “кан” (Тотукан, Мейилкан, Шайымкан) болуп чыкты. Аралашып жатып калдык “Аалылар” менен “Кандар”. “Чоң чоң атам Шамен Ормон хандын оң колу жана аталаш иниси болгон. Чоң энелерибиз атактуу чоң Байзактын агасы Атагелдинин Батма, Зуура деген кыздарынан тараган, ак сөөктөрдүн тукумунанмын” деп сороңдоп жүрсөм, кайненемдин аталары да Жамбыл менен Меркени кармап, кийин Украинага айдалган Улуу жүздүн ак сөөктөрү экен.

-- Ичимдик жагына кандайсыз? 

-- Ичимдик жарыктык – эң биринчи азык, азыктын да төрөсү. Ичимдикти кыйла эле  сыйлайм. Рамис Рыскулов, Омор Султанов, Кусейин Исаев өңдүү генийлер менен, Байас Турал, Темирбек Осмоналиев сыяктуу замандаштар менен учурагандагы “бороон-чапкынды” тосконго чайдын күчү жетпейт. Менин малымды багып, айылда отурган иниме анда-санда бир барганда кантип кур барам? Калыгул, Сазан, Мелис, Окен деген сексенди эчак серпип койгон агаларым менен тууганчылыкты ансыз кантип бекемдейм?

Өзү атам да, апам да кымыз менен бозодон жогору чыга албаган кишилер экен. Мен деле бул жагынан профессионал эмесмин, любительмин. Жакшылыктарда, жакшы учурларда, жакшы адамдар менен ооз тийип калам. Акыркы жолу Аскар Салымбеков аксакалдарга кошуп, кабинетинен кенен-кесири куйган. Ошондон бери оозум бек. 

Мен аскерде жүргөндө, окуп жүргөндө деле бул “жумушту” арбыта алган эмесмин. ТАССта иштеп жүргөндө шахтердун режиминдей алты гана саат иштечүбүз. Саясый тексттерди шашылыш которчубуз. Ошол  алты сааттан ашыгыраак иштегенде машинисткага диктовка кылганга үн чыкпай, көз көрбөй, баш кеңгиреп, мээ иштебей калат. Ката кетире баштайсың. Материалдын аягына чыкмайын кетмей жок. Ошол учурда 100 граммдан башка эч нерсе жардам бере албайт экен. Ошентип, кесиптик зарылчылыктан улам бир аз жакындап кеттим. Ыраакы Чыгышта Кочкордон он бала, Таластан он бала аскер кызматын өтөдүк эле. Баары мыктылар болчу. Баарын ичкилик мойсоду. Бир түрк, бир уйгур (атактуу боксер Нурлан Абдыкалыковду чыгарган Махам Ахмедов), бир немис бар эле. Алар деле ууртайт, тирүү жүрүшөт. Кыргыз балдар арактан кыйрап калды. 

-- “Ала жипти” аттабаган эркек болбойт” деп коюшат экен мырзалар. Сиз дагы ошондойсузбу?

-- Заман бузулганы "ала жип", "кара жип" дегендерди молдокелер баштап, депутаттар коштоп, аттай баштаганын көрүп, ойлонуп калдым... Мектепте аттоо, секирүү жагынан биринчиликти берчү эмесмин. Өңү-түсү эсимде жок, аттайм деп барып чалынып жыгылгандан бери, “жипке” жолобой калдым. Көрсө, “казды туурап карганын буту сыныптыр” деген чын турбайбы.

-- Жубайыңыз кызганабы, а сизчи?

-- Адам эмес айбанат да кызганат, кээде бирин-бири өлтүрүп коюуга чейин барат. Кызганганды билбеген эле адамдын досу ит экен. Бир канчык он беш дөбөттү ээрчитип алып, ыр-ыры жок жүрө берет. Кудайга шүгүр, биз критический курактан аман-эсен өткөнбүз. Эң жаман жери – кызганыч айыкпаган дарт. Дарысын табуу кыйын. Бир таанышымдын төрттү төрөгөн келинчеги айдоочу күйөөсүн телевизордон да кызганат экен. Улам ажырашып, кайра табышып жүрөт.

-- Мырзаларга тийешелүү кайсы жумуштарды аткара аласыз? Мисалы, өз алдыңызча там салгансызбы?

-- Лампочка бурагандан, телевизорду өчүргөндөн тартып, көп эле жумушту жасай алам. Алгач атам үй сатып берди, кийин мекемеден төрт бөлмө үй алдым. Өзүм көчөлөрүнүн атын койгон жаңы конуштардан жер алган жокмун. Атам “бизге кара жакпайт” деп какшап турчу. Ошондуктан, үй салбадым. Бала кезде отургузган багымды шамалда кулайт деп апам кыйдырып салыптыр.

-- Спорттун кайсы түрүнө кызыгасыз?

--Бала кезде бийиктикке, узундукка секирүү жагын катырдык. Жадагалса “оң, сол жакка” секирүүнү да болушунча өздөштүрдүк. Шахматты ышкыбоздор деңгээлинде ойной коём. Анча-мынча жамбашка салма жүрүшүмө баа бербеген КМСтер кантип мат болуп калганын билбей да калышат. 

-- Ашканада кайсы тамакты катыра жасайсыз? 

-- Бир да элдин тамагы кыргыздыкына жетпейт экен. Ынак кымыз менен таруу бозодой керемет болбостур! “Апамдын каттамасы” дегендер чыкты го? Менин апам бозүйдүн боо-чуусун баштан-аяк өзү жасаган иштүү киши.  Кымыз ачытып, кышкысын бозону үзбөй жасап жүрдү. Анын кесмеси башкача даамдуу эле. Ошону мен да үйрөнүп алып, “апамдын кесмесин” андан кем жасабайм. Болгону камырды таштай жууруп, чийдей кескен кесмесинин ордуна даяр тармал кесмеден урам. Адамдын чыкпаган жеринен тер чыгарып, кесмедей керемет тамак дүйнөдө жок чыгар! 

Сурат иним, эми мага да бир эле суроо узатууга уруксат кыл: сакал-мурутуң мейли эле, Төштүктөгү желмогуз кемпирдин чачына окшотуп, алдагыча жүндү жүдөбөй кантип көтөрүп жүрөсүң? Жоолугуң жок болгон соң, аны Бишкектин ышынан жууп, тазалаганга самын деле түтпөсө керек?

-- Аалыке, Ай менен Күн нуруна арбалган, ансыз да күн санап азайып бараткан ак чачыма анча деле самын коротпойм. Жумасына эки жолу Бишкектин ышынан арылта тарап жууп коём. 



Сурат Жылкычиев

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер