Алгач казинолорду Ысык-Көл, Баткенге ачтырып, андан ары да жайылтуу зарыл

Буга чейин деле жашыруун жайларда кумар оюндары ойнотулуп келгени, күч органдарынын жетекчилери көзөмөлгө алышуу менен чөнтөктөрүн кампайтышканы айтыла калчу. Натыйжада, мамлекеттин казынасына эч нерсе түшпөй, бир ууч топ гана байып келген. Мындай шартта эмне кылуу керек? Ооба, кайрадан Жогорку Кеңеш тарабынан “чимкириктерге” мыйзам кабыл алдырып, казинолорду кайрадан жандантуу шарт. Ысык-Көл, Баткен облустарына кумар оюндарын ачтырып, жергиликтүү элдин киришине тыюу салдырып, чет элдиктерге уруксат берсе болот. Ошондо туризм да, аймактар да өнүгө баштамак. Инвестиция да тартылып, жумуш орундары камсыздалмак эле. Алгач Ысык-Көл, Баткен облустарында казинолор иштей баштаса, ал жакта кошумча ишканалар жанданып, элибиздин келечегине карай өбөлгө түзүлмөк. Андан соң башка аймактарга да жайылтса эмнеге болбосун? Чет өлкөлөргө мигрант болуп кетип аткан мекендештерибиздин саны да азаймак. Эми мындай кадамга баруу үчүн бекем эрк керек.
"Азия Ньюс" гезити