Акыркы кабарлар
» Коом » Өлкөбүздө 187 миңге чукул мүмкүнчүлүгү чектелгендер бар
Өлкөбүздө 187 миңге чукул мүмкүнчүлүгү чектелгендер бар
05-декабрь, 14:14
670 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кыргыз өлкөсүндө 187 миңге чукул ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран жашайт. Анын 31 миңин 18 жашка чейинки балдар түзөт. 1992-жылы БУУнун генералдык ассамблеясы 3-декабрды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын күнү катары бекиткен.
Жарлыктын максаты ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коомдун түзүмүнө киргизүү, өнүктүрүү, алардын билимин жогорулатууга салым кошуу жана колдоо болгон. Мындан улам дээрлик 28 жылга чукул убакыттан бери бул күн Кыргыз өлкөсүндө дагы даталуу күн катары белгиленип келет. Ал эми дүйнө жүзүндө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жалпы 1 миллиард жаранды түзүп, бул дүйнө калкынын 15 пайызын түзөт дегенди түшүндүрөт.
"Азия Ньюс"гезити