“Караван” соода борбору мыйзам алдында укуктук жана моралдык жоопкерчилик тартса болбойбу?!


КР президенти С.Н.Жапаровго,
УКМК төрагасы К.К.Ташиевге
Кайрылуу
2024-жылдын 23-июнунда “Караван” соода борборунда үрөй учурган окуя болуп өткөн. Ошол окуя боюнча сиздерге кайрылууга мажбурмун, себеби акыйкат издеп, эч жерден таппадым. Анда эмесе сөз башынан болсун...
2024-жылдын 23-июнунда келинчегим эки кызым менен шаар кыдырып, наристелерге кийим-кечек алып берейин деп “Караван” соода борборуна кирип калат. Соода борборунун экинчи кабатынан түшүп келе жатканда эскалатордун тепкичи тешилип түшүп кетип, 2 (эки) жашар кичүү кызымдын буту тешикке кирген бойдон кыпчылып калат. Келинчегим эки кызымды эки колунда кармап түшүп келаткан экен. Жети айлык боюнда бар келинчегим эс-учун жоготуп, жардамга элди чакырып жатыптыр. Мага телефон аркылуу кабар жетер замат жумушумду таштап жетип келдим. Мен соода борборуна келгенде ошол жердеги кыдырып жүргөн карапайым кардарлар тегеректеп жардамдашып, МЧС жана “тез жардам” чакырышыптыр. Чакырылган эки тарап келгенче бир сааттай убакыт өтүп кетти. Буту эскалаторго кыпчылып калып, бир саатка чейин кесиптик жардам жок, кызым эсин жоготуп койгон. “Тез жардам” келип, кызыма бир нерсе жыттатып жардам берип жатты. МЧСтин кызматкерлери эскалатордун тепкичин талкалап кызымды алып чыгышкан. Бирок ошончо убакыттын ичинде соода борбордун кароолчусу жана техкызматкерлери жардам бермек тургай, өздөрү да жолоп койбогону өкүндүрөт. Ушунчалык жоопкерсиз мамиле кылышты, администрация тарабынан бирөө да жок. Келинчегим менен кызымды “тез жардам” Бишкек шаардык №3 балдар ооруканасына жеткиришип, шашылыш операция жасашты. Мончоктой кызымдын буту 4 (төрт) жеринен сынып, булчуң этин эскалатор сөөккө чейин сыйрып кетиптир, жалпак тил менен айтканда, сөөк жылаңач калып, эти былчыранып (мессиво) фарш болуп калыптыр. №3 балдар ооруканасынын дирекциясына, дарыгерлерине ыраазычылык гана айтабыз. Алар колдорунан келишинче жардам беришти.
Мен Биринчи Май районунун ИИБ башчысына барып, арыз менен кайрылгам. Начальник “күчтүү тергөөчүгө тапшырдым, кокус соода борборунан келип “келишелик” десе, арызыңарды артка алып албайсыңарбы?” дегенде, кол алыштык. “Жок, албайбыз, сотко чейин жеткизгиле. Мыйзам чегинде жооп берсин” деген элек. Биз мыйзамдуу-укуктук өлкөдө жашайбыз да, ар ким өз күнөөсү үчүн жооп бериши керек.
Биринчи Май районунун тергөөчүсү: “Кылмыш ишин ачтык, байланышып тургула. Дыкат тергеп бүткөндөн кийин сотко өткөзөм, жыйынтыгын сот чыгарат. Күбөлөрдү сурап жатам, оорукананын выпискасын экспертизага жөнөтөм, корутундусу келгенде чечим чыгарабыз” деген эле. Кийин телефон чалсак албайт, барсам колума кагаз карматты, ал кагаз “кылмыш иши кыскартылган” деген чечим экен. Кызык, эмне себептен соода борборунун күнөөсү жок болуп калат?! Күнүнө миңдеген кардарларды тейлеген соода борборунда элементардык техникалык коопсуздук эрежелери сакталбаса, мындай көрүнүш соода борборунун кожоюндарынын шалаакылыгынан болуп жатат да! Келинчегимдин 7 айлык боюнда барына байланыштуу мен жумушумду таштап, үч ай бою кызым оор абалда болгондугуна байланыштуу жанында карашып жаттым.
“Караван” соода борборунун дирекциясынан “Нариман Түлеевдин кызымын” деп бир эжеке келип, акыбалыбызды сурамыш болгон, ошол бойдон дайыны жок. “Каравандын” кожоюну элдин “тагдырын” чечип жана чечем деп жүргөн, элге белгилүү бай саясатчы Нариман Түлеев экенин угуп жүрөбүз. Анын жеке менчик дүкөнүндө кичинекей наристе кыз жабыркап жатса, кайдыгерлик орун алды. “Акыбалыңар кандай? Эмне жардам керек?” деп койбогон адам кантип элдин тагдырына күймөк эле?! Же бул байлар бизге окшогон карапайым эл менен эсептешпейби, тоготпойбу?! “Колуңардан эмне келет?” деген мамиле да!
Урматтуу Садыр Нургожоевич, кадырлуу Камчыбек Кыдыршаевич!
Өзүңүздөр айткандай, биз мыйзамдуу өлкөдө жашайбыз да. Адам укугун тепселегендерге качан чара көрүлөт? Сиздер талап кылган тартип болбой жатканына мен күбө болуп, жаным кашайганынан сиздерге кайрылып жатам! Азыркы учурда келинчегим үчүнчү кызыбызды төрөгөн. Шаарда 30-40 миң сом төлөп батирде жашайбыз. Мен “Кудайберген” базарында темир-тезек сатып, күнүмдүк оокат өткөрөбүз. Келинчегим үч кызымды карап үйдө. Учурда кырсыкка кабылган кызымдын акыбалы катуу көзөмөлгө муктаж болгондуктан, келинчегим экөөбүз ар дайым жанындабыз. Басканда аксап, кыйналууда. Эки жашында оор запкы жеп, ден соолугуна орчундуу залака тийген эки жашар кызымдын келечеги эмне болот? Ушундан жүрөк оору таптым. Келечек тагдырына балта чабылды деп ойлойм, бутуна запкы кетти. “Жаман айтпай жакшы жок” демекчи, бутуна дагы операция керек болуп калышы мүмкүн. Кепилдикти бир Кудай берет да?!
Адвокат жалдап ишти жаңыртканга материалдык чамам жок. Мыйзамдуулукту ыйык тутпай, компетенттүү укук коргоо органдары жең ичинен ишти жаап салыштыбы (?) деген ой кетет экен. 2024-жылдын 10-ноябрында Биринчи Май районунун прокуратурасына арыз менен кайрылган элем. Андан соң 27-декабрь 2024-жылы райондун прокурорунун орун басары А.Матмусаев 2024-жылдын 24-декабры деген дата менен чыгарган чечимди берди. Ал жоопто “КР өкмөтүнүн 13.08.2019-жылдагы №409 токтомуна таянып, тергөө иши кыскартылган” деген тыянак чыгарышыптыр, жана да “Караван” соода борборунда эскалатор зацепил ногу девочки” деп жазышыптыр. Буларда бет деген барбы?! Эскалатор зацепил эмес, сынып тешилип кетип, провалилась насквозь и зажала ногу болуп жатпайбы?! Ал токтомдун мазмуну төмөнкүчө: Технический регламент “О безопасности подъемно-транспортного оборудования и процессов его эксплуатации” утвержденный постановлением Правительства Кыргызской Республики от 23.09.2011 г. №587, регулирующий порядок деятельности вновь установленных, модернизированных (реконструированных) или капитально отремонтированных эскалаторов и порядок ввода в эксплуатацию, утратил силу в соответствии с постановлением Правительства Кыргызской Республики от 13.08.2019 г. №409
Бул эмне деген абсурд?! Бүгүн менин кызымдын ден соолугуна залака тийди, эртең башка бирөөнүн наристеси кырсыкка кабылбайт деп ким кепилдик бере алат? Адамдык фактор кайда? Элементардык техникалык коопсуздук сакталбаса, кардарлар запкы жеп, зыянга учурап жатса, “эскалаторду техобслуживание кылбай эле койгула” деген өкмөттүн токтому бар деп жоопкерчиликтен кутула беришеби?!
Сиздерге чоң үмүт менен жардам сурап кайрылып жатам! Күнүнө миңдеген кардарларды тейлеген “Караван” соода борборунун дирекциясы мыйзам алдында укуктук жоопкерчилик, абийир алдында моралдык жоопкерчилик тартса болбойбу?!
Тиркелет:
-- видеоматериалдар
-- постановление следственного управления Первомайского РОВД
-- менин прокурорго жазган арызым
-- Биринчи Май райондук прокуратурасынын каты
-- Бишкек шаардык №3 балдар ооруканасынын выпискасы
Жакыпбек Назарканов,
26-декабрь 2024-жыл. Бишкек шаары
Тел.: 0705-70-37-70
Толкун Ахматбекова, тел.: 0550-55-94-30
"Азия Ньюс" гезити











