Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айнуру Алтыбаева, ЖК депутаты: “Партиялар шайлоого өздөрүнүн адамдык, каржылык ресурстарын бириктирип, чогуу барганын туура эле көрөм”

Айнуру Алтыбаева, ЖК депутаты: “Партиялар шайлоого өздөрүнүн адамдык, каржылык ресурстарын бириктирип, чогуу барганын туура эле көрөм”

31-январь, 19:51
507 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Айнуру Тойчиевна, КСДПнын бир катар белдүү депутаттарынын аттарын “Биримдик” партиясынын тизмесинен көрүп калдык. Ушундан улам, “КСДП саясый партия катары ресурсун түгөттү” деп тыянак чыгарсак болобу?

-- КСДП азыр экиге бөлүнүп калбадыбы. Бир бөлүгү курултайда Алмазбек Атамбаевди лидер катары бекитишкен. Ал эми Сагынбек Абдырахманов жетектеген экинчи бөлүгү аны легитимсиз деп сотко берди. Алардын ортосунда соттошуу процесстери жүрүп жатат. Сиздин сурооңузга ошол соттун чечиминен кийин жооп берилет го. 

-- Сиз өзүңүз соттун чечимин күтпөй эле шайлоого башка партия менен барайын деп чечтиңизби?

-- Бул партияны биз өзүбүз 2005-жылы түзгөнбүз. 2010-жылы жети партия: Эсенгул Исаковдун “Аграрчылар” партиясы, Кожобек Рыспаевдин “Ооганчылар”, Турсунбай Бакир улуунун ЭРК, биздин “Биримдик” партиябыз “Ар-намыстын” аянтчасына бириккенбиз. Анткени, ар бир партия өз мүмкүнчүлүгүнө туура баа бериши керек. Реалист болуш керек да. 2010-жылы дагы КСДПга Исмаил Исаковдун “Азаттык” партиясы кошулду. Андыктан, партиялар шайлоого өздөрүнүн адамдык, каржылык ресурстарын бириктирип, чогуу барганын туура эле көрөм. 

-- Анда азыр “Биримдиктин” өзүнчө шайлоого барганга мүмкүнчүлүгү бар дейсизби?

-- Мен ойлойм, бизге дагы партиялар кошулат деп. 


 "Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер