Зайырбек Эргешов: “Эми саясатчылар шайлоо мезгилинде диний үгүт-насаат иштерин жүргүзө алышпайт”


КР дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы директору, диний жана этностор аралык мамилелер боюнча эксперт менен маек.
-- Зайырбек Жолчуевич, президент кечээ жакында эле дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер боюнча мыйзамга кол койду. Бул мыйзамды колдогондор дагы, каршы чыккандар да бар. Сиз кандай дейсиз?
-- Чынында президент кол койгон дин тутуу эркиндиги, диний бирикмелер боюнча жазылган мыйзам колдоого татыйт. 2008-жылы 31-декбарда кабыл алынган. Дин тутуу эркиндиги, диний бирикмелер боюнча жазылган мыйзамга толуктоолор жана түзөтүүлөр кирип, анын натыйжасында жумушчу топ түзүлүп, бир нече жылдан бери аалымдар, эксперттер иштеп чыгышып, 2024-жылдын 26-декбарында үч окуудан өткөн мыйзам кабыл алынып, ага президент кол койду. 1-февралдан баштап ал мыйзам күчүнө кирет.
Дин тутуу эркиндиги, диний бирикмелер боюнча жазылган мыйзам мамлекеттеги дин маселелерин жөнгө салууга багытталган, учурдагы талаптарга жооп берген мыйзам деп айтсак болот. Аталган мыйзам диний чөйрөдө мамлекет тарабынан жүргүзүлгөн саясатты ишке ашыруу үчүн эл аралык жана Башмыйзамыбызга ылайык толукталып, иштелип чыкты. Башмыйзамда көрсөтүлгөн биринчи беренедеги светтүүлүктү сактоо, башкача айтканда, Башмыйзамдын тогузунчу беренесинде мамлекеттин, дин уюмдарынын аракеттери тууралуу ачык-айкын жазылган. Маселен, дин мамлекеттин саясатынан ажыратылган жана бир дагы дин Кыргыз Республикасында милдеттүү түрдө кабыл алынбайт. Ошондой эле жарандардын дин эркиндиги боюнча кепилдик берилет деп көрсөтүлгөн.
Мыйзам боюнча «диний үгүт-насаат иштерин мамлекеттик мекемелерде жайылтууга тыюу салынат» деп көрсөтүлгөн. Бул маселенин күнгөй-тескей жагын алганда, коомчулукта “дааватка тыюу салынууда” деген түшүнбөстүктөр болуп келет. Бул мыйзам бир эле ислам багытында эмес, баардык дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын каттоосунан өткөн диний уюмдардын аракеттерин жөнгө салууга багытталган. Кыргызстан көп улуттуу, арбын диндүү мамлекет болгондуктан, бул мыйзам бир эле ислам багыты эмес, христиан, будда жана башка каттоодон өткөн диндерге да тийешелүү.
-- Ошондо эшик каккылап, “дин боюнча маалымат берет элем” дегендер да тартипке салынабы?
-- Ооба, бул мыйзамдын артыкчылыгы да ошондо. Мындан ары үйлөрдүн эшигин каккылап, короолорго кирип, мамлекеттик мекемелерди аралап, бала бакчаларга чейин барып, дин боюнча үгүт-насаат иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат. Ошондой эле мындан ары мамлекеттик мекемелерди жана үйлөрдү кыдырып, миссионердик аракеттерди жүргүзүүгө, тагыраагы, атайын баракчаларды жана аудио, видео материалдарды таркатууга жол берилбейт. Президент өзүнүн кайрылуусунда айткандай, буга чейин радикалдуу диний агымдар динди жамынып алышып, өздөрүнүн туура эмес үгүттөрүн жүргүзгөн учурлар да болгон. Бул мыйзам дал ушул терс көрүнүштөргө, радикалдык, экстремисттик багыттарга бөгөт коюу үчүн жазылды. Ал эми жарандардын дин тутуу эркиндиги, алардын каалоолору эч кандай чектелген жок.
-- Эми дааватчылар да кайсы бир эрежеге, жобого баш ийиши керекпи?
-- Албетте, мындан ары муфтияттын даават бөлүмү иштеп чыккан жобо менен тартипке келтирилет. Тагыраагы, дааватчыларды жер-жерлердеги облустук, райондук казыятта, мечиттеги имамдар, молдокелер толук көзөмөлгө алышат. Кыскасы, бул мыйзам динди тартипке келтирет.
-- Диний партияларды түзүүгө да тыюу салабы?
-- Ооба, бул мыйзам диний мүнөздөгү партияларды түзүүгө тыюу салат. Себеби, акыркы жылдары бизде динди пайдаланып, жарандардын сезимдерин козгошуп, аларды саясый өңүттөгү кампанияларга пайдаланган учурлар да болду. Бул нерсе Башмыйзамдагы биринчи, тогузунчу беренедеги “светтик мүнөздөгү дин мамлекеттен ажыратылган” деген беренеге карама-каршы келет. Ошондуктан диний мүнөздөгү аталыштагы партияларды түзүү дагы Конституцияга каршы келери жазылып, аталган мыйзамда толукталып, так аныктама берилди. Эми саясатчылар саясый кампания, шайлоо мезгилинде динди пайдаланып, үгүт-насаат иштерин жүргүзө алышпайт. Анткени, кандай гана маселе болбосун, саясатташканда арты чоң чыр-чатактарга алып келери баарыбызга белгилүү.
-- Баса, бул мыйзам паранжы жана никаб кийгендерге дагы чектөө салдыбы?
-- Мамлекеттик органда жүргөндө, паспортко сүрөткө түшкөндө, чек арадан өткөндө бетин жаап, чүмкөнүп жүрүүгө тыюу салат. Хиджабга каршылык жок. Тагыраагы, чүмкөнүп албай, бетин ачып, жоолук салынып, узун көйнөк кийип жүрсө болот. Кыскасы, бул мыйзам президент баса белгилегендей, мамлекеттин коопсуздугу, келечеги үчүн өз учурунда кабыл алынып, коомчулук тарабынан кызуу колдоого алынууда. Болгону радикалдык, тыюу салынган диндин өкүлдөрү гана каршы чыгып жатышат. Бирок алар көпчүлүк эмес. Айтайын дегеним, элдин басымдуусу колдошууда. Тыюу салынган, экстремисттик, кандайдыр бир саясый өңүттү көздөгөндөр элдин баарына таасир эте алышпайт.
Келечекте кандай мамлекет курабыз, өз иденттүүлүктү кандай аныктайбыз? Мыйзам ушундай маселелерге дагы оң таасирин тийгизет. Эң башкысы, өнүккөн, светтик, демократиялык укуктук мамлекет катары Башмыйзамга каршы келбейт. Ошондой эле дин тутуу эркиндигине кепилдик берген жарандарыбыздын диний укуктарын коргогон мыйзам болуп эсептелет.
-- Кыргызстан дин тутуу боюнча эркиндик берген мамлекет десек болобу?
-- Албетте, болот. Дин тутуу эркиндиги боюнча Кыргызстан КМШда, Борбор Азия ичинде эң либералдуу саясат жүргүзгөн мамлекет. Дин тутуу боюнча эркиндик берген өлкө. Бул жагынан алганда мыйзам катуу эмес, тескерисинче, жарандардын укугун сактап, динди коргоого алган жакшы мыйзам кабыл алынды.
"Азия Ньюс" гезити











