Дастан Бекшов, ЖК депутаты: “Нооруз мусулмандардыкы эмес, ал зороастризмдик майрам”
-- Дастан Далабаевич, Telegram-каналыңызга “биз имамдарга айланып, “тигини кыл, муну кылба” деп тыюу сала башташыбыз мүмкүн” деп жаздыңыз. Ошондо кеп депутаттардын жүрүм-туруму жөнүндө болуп жатабы?
-- Мен шайлоочуларга айтып атам, “депутаттар менен сүйлөшкүлө, ишти талап кылгыла, алар мыйзам долбоорлору боюнча талкуу жүргүзүп, айрымдардын аброюна шек келтирип, бирөөлөрдү басынтпасын” дедим. “Тигиге тыюу салалы, буларды минткиле” дебей, мыйзам боюнча иштеш керек. Чоң маселелер, көйгөйлөр өтө көп, ошол эле билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагында. А биз болсо “чачың өсүптүр, толуп кетипсиң” деп сынтагып отурабыз. Бул уят нерсе да. Кечээ Эдил Байсалов “силерди балдар көрүп атышат” деп айтып атпайбы. Мен анын кээ бир сөздөрүнө кошулбайм, бирок ушул айтканы туура эле. Ноорузду “мусулман майрамы” дешет. Мен 5-класстан бери эле билем, ал мусулмандардыкы эмес, зороастризмдик майрам.
-- Анда Эдил Байсаловдун айткандары туура экенин моюнга аласызбы?
-- Жанагы маселе боюнча эле. Негизи, Жогорку Кеңешти сыйлаш керек. Жогорку Кеңешти эл шайлаган. Эдил Байсалов болсо өкмөт башчынын орун басары, аткаруучу. “Мен дагы элмин” деп атпайбы, анысы туура, бирок элдин атынан президент сүйлөйт...