УИАнын утулган жылдары, Канат Ермековичтин кайдыгерлиги


30 жылдан бери кризистин сормо сазынан чыгалбай келаткан, мамлекетке бир тыйын киреше алып келбей, жылына 350 миллион сом бюджеттин акчасын жеп келаткан Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясы деген мекеме бар. “Изилдеп жатабыз” дешет же изилдөөлөрүнөн деле дайын жок. Жыл сайын отчеттук жыйыны болот, андан деле майнап чыкпайт. Ушул УИАны оңдосун деп тарыхта биринчи жолу корреспондент-мүчө Канат Ермекович Абдрахматовду президент кылып шайлашкан. Бирок, ал академияны оңдоонун ордуна жеке чыгармачылыгын өркүндөтүп, “Самиздат” журналынын жигердүү автору катары аңгеме, повесттерин жарыялап, жазуучу катары өзүн көрсөтүп, улуттук жазуучулар союзуна мүчө болуп өтүптүр. Куттуктайбыз! Жазуучуга илимдер академиясынын кереги барбы? Президенттин жеке фронтунда ийгиликтер болуп, чыгармачылыгы ташкындаганы менен УИАнын иши кедеринен кетип жаткан кези. Аны караганга Канат Ермековичтин убактысы болбой, чыгармачылыгынан колу бошобой, аңгемелери менен дүйнөлүк аренага чыгууну көздөп жаткан кербези окшойт.
УИАнын иши жылбай, айласы кеткен Канат Ермекович жакшы иштеп жаткан мыкты, белгилүү финансист Малабек Анашович Токтоболотовду иштен алып, анын ордуна өзүнө ыңгайлуу, жердеш карындашы Үмүт Абдылдаеваны финансы-экономикалык башкармалыктын башчысы кылып дайындаптыр. Өндүрүш менен байланышта болгон, кайтарымдуу, кирешелүү илимий долбоорлордон, жаңы идеялардан дайын жок. Академия акыйып дагы деле бюджетти карап отурат. “Бала ыйлабаса эмчек кайда?” дегендей, Канат Ермекович “министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровго өзүңөр кайрылбайсыңарбы? Мен эле айлык жөнүндө айтып жаман көрүнө беремби? Бардыгыңар кайрылгыла” деп эмгек жамаатына көрсөтмө берген имиш. Ошондон көп өтпөй КР УИАнын корреспондент-мүчөсү Б.Дженбаевдин илимпоздордун айлыгын көтөрүү боюнча макаласы жарыяланды, андан кийин да бир топ макала айлык маселесин козгоп чыгууда. Толгоосу жеткен маселени көтөрүп жаткан окумуштууларда кеп жок. Кеп Канат Ермекович өзү маселени негиздеп өкмөттүн алдына коё албай, кол алдындагыларды өкмөткө шилтеп, кайраштырып, социалдык чыңалууга алып баратканы өзүнчө маселе жаратууда. Себеби, министрлер кабинетинде аны менен эч ким эсептешпейт да, укпайт дагы экен. “Бул өзү жетимиш жаштан ашып, ташыркап калган киши, академияны реформа кылайын деген ниети да жок, “мен сага тийбейм, сен мага тийбе” деген принцип менен иштеп жатат” деп айтышууда.
Реалдуу эч бир иш жасабай, эми “Улуттук илимдер академиясы жөнүндө мыйзамга” өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жумушчу топ түзүп, жаңы мыйзам долбоорунда “академиянын президенти министрлер кабинетинин мүчөсү болот” деген берене киргизип, аны өткөргөнгө жумушчу топтун башчысы катары КР президенттин кеңешчиси Бекбосун Ишенбекович Бөрүбашев ортого түшүп жатыптыр. Бир жылдан бери башкасын коюңуз, президиумдун иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрө албаган, аталган мыйзам долбоорун да орусча даярдаган Канат Ермекович, уялбай эми министрлер кабинетинин мүчөсү болууга талпынып жатканы кандай? Алыбек алына жараша эле болбойбу? Алгылыктуу жасаган бир иши жок академиянын президенти көкүрөгүн өргө айдап турган кербези, аны коюп, УИАнын сайтын кыргыз тилине өткөрүп, мамлекеттик тил саясатына каршы чыкпай, дыңы бузулбай жаткан табият илимдери тармагында илимий стилдин кыргыз тилинде калыптанышы маселесин карап, жыйынтык чыгарып, иштиктүү кадамдарды качан жасайт? Канат Ермекович министрлер кабинетине мүчө болуп калса эле маселенин баары өзүнөн өзү чечилип калат бекен? Иштей турган киши эч кандай макам-сакамга карабай эле күжүлдөп иштеп, көйгөйлөрдү чечет да. “Сайма сая албаган ийне тандайт” дегендей эле көрүнүш болуп жаткан тура. Колунан иш келбеген Канат Абдрахматовго кор болгон кайран илимдер академиясы...
"Азия Ньюс" гезити











