Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Канышайдын камалышы – ансыз дагы оор саясый абалга таасир этет”

“Канышайдын камалышы – ансыз дагы оор саясый абалга таасир этет”

02-апрель, 20:04
1 040 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Журналист Канышай Мамыркулованын камалышы сөз эркиндигине кандай таасир берет? Ансыз да чектөөлөр болуп атканда, мындан ары ачык жазуу басаңдайбы?

Равшан Жээнбеков, саясатчы:

-- Сөз эркиндиги, жалпы эркиндиктер биздин тарыхыбызда болуп көрбөгөндөй басымда экенин баардык эгемендүү иликтөөлөр бул жылы дагы далилдеди. Тилекке каршы, бул биринчи кезекте бийликтин эл аралык, инвестициялык имиджине терс таасир берген көрсөткүчтү оңдоого аракет болбой атат. Абал барган сайын начарлоодо. Көптөгөн фактылар буга далил боло алат: Болот Темировдун өз мекенинен күч менен чыгарылышы, жубайы Махабат Тажыбек кызынын, Азамат Ишенбековдун, Адилет Балтабайдын, Каныкей Аранованын, Эмил Бекиевдин Аскат Жетигендин жана башкалардын камакта жатышы, аларга кошумча эми белгилүү журналист, жарандык лидер Канышай Мамыркулованын камалышы.

Канышайдын камалышы биринчи кезекте бийликке жаманатты сөз алып келет. Ансыз дагы оор саясый абалга таасир этет. Албетте, муну так ченөө мүмкүн эмес, бирок ар бир Канышайга окшогон белгилүү, кадырлуу аял кишини камоо саясатка терс таасир берип, нааразылардын санын көбөйтөт. Менин байкашымча, белгилүү, таанымал адамдардын сөз эркиндигинин чектелишине Канышайдын камалышы таасир берет, бирок жалпы нааразылыкты күчөтүп атканы көрүнүп турат. Мен 20 жылдан бери саясатта жүргөн адам катары, бийликтин камоолор боюнча абайлашын, аяр болушун суранар элем. Камоолор, куугунтук, басым – бир дагы өлкөнү жакшы жакка алып барган эмес.

Тазабек Икрамов, экс-депутат:

-- Сөз эркиндигине болгон кысым ириде өлкөнүн эл аралык имиджине доо кетирет. Буга чейин ар кандай сырткы уюмдардын изилдөөсү менен жарым-жартылай эркин эмес өлкөлөрдүн катарына кирип келсек, эми толук эле эркин эмес мамлекеттердин катарына кирип калышыбыз мүмкүн. Бул эң биринчи инвестициялык климатка терс таасирин тийгизет. 

Ал эми жеке Канышай Мамыркулованын айланасында болуп жаткан окуялар боюнча айтсак, тергөө жаңы башталып, соттун чечими чыга электигине байланыштуу бир нерсени божомолдоо эртелик кылат. Сот чечими чыккандан кийин гана толук пикиримди билдирем. Бирок, баш коргоо чарасын карап жатканда Канышайды үй камагына чыгарып, тергөө амалдарын жүргүзө беришсе адилеттүү болмок. Анткени, Канышай Мамыркулова коркунучтуу кылмышкер эмес!

Азиза Абдирасулова, укук коргоочу:

-- Кыргыздарга эркиндик деген асмандан парашют менен түшүп калган. Ошон үчүн эркиндиктин баасын анча билбей, сөз эркиндиги, адам укуктары дегенди түшүнбөй калганбыз. Асмандан түшкөн эркиндикти бирден-бирден жоготуп жатабыз. Биз ошол эркиндиктерибизди күрөш менен колубузга алышыбыз керек. Ага чейин кыргыздар эркиндик деген эмне экенин түшүнө элекпиз. 


Эрнис Нурдин, активист:

-- Кыргыздын башка жагын тыя берсин, тилин тыйбай эле коюш керек. Айта турчу сөздү юмор, какшык, сын менен да айтып турган оң. 

Акан Иманов, саясат талдоочу:        

-- Канышай Мамыркулованын камалышы сөз эркиндигине таасирин тийгизери талашсыз. Себеби, буга чейин дагы көптөгөн журналисттерди камап, асты жаза мөөнөтүн алышты. Мындай кадамдарды эл аралык коомчулук куугунтук, сөз эркиндигин чектөө катары кабыл алышып, биздин бийликке кайрылуу дагы жолдоп жатканын билебиз. Ошондуктан сын айткан журналисттерди камоо эч кимге аброй алып келбейт. Башмыйзамда сөз эркиндиги корголо тургандыгы, адам укугу сактала тургандыгы жазылган. Мындан улам “учурда бул нормалар сакталып атабы?” деген суроо тууулат. Сакталып атса, анда чектөөлөр коюлбашы керек болчу. Азыр ачык сын айткандар камалат деген түшүнүк пайда болуп баратат. Ошондуктан соцтармактарга ачык пикирин жазгандар азайды, бирок биздин элдин жашоосу соцтармака толук байланган эмес. Ал жерде жазбай же кирбей туруп, өз оюн баамдаган мекендештер көп. Алардын да пикири бар экенин эстен чыгарбоо керек.   


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер