Акыркы кабарлар
» Коом » 22 жаштагы жигит каза болуп, эл чакырылбай, мал союлбай жерге берилди
22 жаштагы жигит каза болуп, эл чакырылбай, мал союлбай жерге берилди
13-апрель, 15:00

Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнө караштуу Чагыр айылында жаш жигит токко урунуп каза болду. Маалыматты Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Жамшит Матанов тастыктады.
Маркум 22 жаштагы А.Н. экени аныкталды. Окуя боюнча эки божомол айтылууда. Биринчиси – 22 жаштагы жигит балык уулоо үчүн айылдагы каналга барып, кайырмагы жогорку чыңалуудагы электр чубалгысына илинип калган. Экинчиси – А.Н. кой кайтарып жүргөндө колундагы суу таягы электр чубалгысына тийип, ток урган.
Айыл өкмөттүн башчысы Жамшит Матанов маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 11-апрелде өткөнүн билдирди. Бирок көп эл чакырылган эмес жана мал союлган жок.











