Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тышкы күчтөр Кыргызстандагы саясый кубулушка канчалык деңгээлде кийлигише алышат?

Тышкы күчтөр Кыргызстандагы саясый кубулушка канчалык деңгээлде кийлигише алышат?

29-август, 12:14
872 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Парламенттик шайлоо өнөктүгү башталбай жатып, чыр-чатакка күбө болуп жатабыз. Мындай шартта тышкы күчтөр Кыргызстандагы саясый кубулушка канчалык деңгээлде кызыкдар болушу мүмкүн? Беларусь өлкөсүндөгү толкундоолор бизге таасир этпейби?” деген собол таштап көрдүк. Өзүңүздөр билгендей, күздөгү парламенттик шайлоо кандай болгон күндө да 4-октябрда өтөт. “Тойдун эртеси да болот” дечү эле...

Мелис Аспеков, жаш саясатчы:

-- Биздин мамлекеттин географиялык жактан жайгашканыбыз тышкы күчтөрдү кызыктырат. Себеби, биз билинбей туруп транзиттик борборго айланганбыз. Бизде суу запастары көп. АКШ аскердик базасы чыгып кеткенден бери алар дагы тынч эмес. Тышкы күчтөр араң эле турат, кымындай элдик толкун болуп кетсе, күйүп турган отко май чачат. Ошондуктан биздин өлкө башчыбыз калыс болуп, эл менен аралашып, алардын көйгөйлөрүн билиши зарыл. Азыр экономикалык абал өтө оор, эл кыйналып турган чак. Кечээ күнү эле өзүңүздөр күбө болгондой, БШКда абдан курч маселе көтөрүлдү. Дагы жакшы, маселе туура жагына чечилди, эл ыраазы болуп калды. Ал эми күчкө салып, мыйзам тебеленип кетсе, анда элдик толкундар башталмак. Албетте, Беларуста болгон толкундоолор бизге таасирин тийгизиши мүмкүн, бирок биз башкача элбиз, аны эки жолу далилдеп дагы бергенбиз. Ошон үчүн элдин кыжырына көп тийбеш керек. Келе жаткан шайлоону толугу менен таза, акыйкат өткөрүү абзел.

Тимур Саламатов, коомдук ишмер:

-- Кыргызстанда шайлоо дайыма чыр-чатак менен өтүп, төңкөрүшкө чейин жеткенин көрдүк. Кыргызды “маңыроо, баардык шартка макул боло берет” дегендер абдан жаңылышып, көбү бүгүн бармагын тиштеп отурушат. Элди алдоонун, калп айтуунун да чеги бар. Азыркы шайлоо алдындагы ызы-чуудан тышкы күчтөрдүн кызыкчылыгын издеп кереги жок. Анткени, буга биздин эле кыргызчылыгыбыздын кесепети алып келди. Камырабайбыз. “Бир мүнөт, жарым саат кечиксек эмне болмок эле?” деген эле психология. Анүстүнө, “пул берип коюп, каалаган маселени чечебиз” деген текеберлик. Бирок азыр коом башка, эл өз тагдырын ойлой баштады, мурункудай “чоңдор чечет” деген четтеди. Азыр элдин көбүндө “чоңдорду биз чоң кылып жатабыз” деген түшүнүк орноду. Демекалар туура иштебесе, кичине кылып коюш элдин колунда экенин да аңдады. Андыктан, эл менен ойноого болбой калды. Дүйнөдөгү маалымат булактарынын да таасири оңой эмес. Ага кошумча кыргыз журналисттеринин социалдык тармактагы активдүүлүгү да чоң ролду ойнойт. Ошон үчүн шайлоону өткөргөндөр, каржылагандар, анан калса мамлекет бийлиги да эси барда этектерин жабышы керек.

Анарбек Усупбаев, “Манас ордо” фондунун төрагасы:

-- Таңгалам, парламенттик шайлоо деп, түшүнүксүз, билимдери жетишсиз, акыл көрөңгөсү тайыз, мурдунун учунан алысты көралбаган 120ны кайрадан алып келгени турабыз. Кыргыз элинин патриоту, эли-жери дегенде ичкен ашын жерге коё чуркаган адам катары президенттин начар иштеп атканын белгилеп кетким келет. Бизге күчтүү парламент болуш үчүн партиялык системадан кетип, бир мандаттуу мажоритардык парламент зарыл. Анүчүн министрлер кабинетин жоюп, конституциялык реформа кылуу керек. Президент бүт баардыгына жооп берүүсү абзел. Район-облустарды ирилештирип, бир мандаттуу парламенттик шайлоого барганыбызда, баары өз ордуна келмек. Ошондо татыктуу депутаттарды эл шайлап алмак. Анан ошолор менен иш алып барса болмок. Азыркы талапкерлерди карасаң, мурунку эле мээлери тайкы 120 депутаттардын балдары же жакындары коюп атат. Көчөдө илинип турган сүрөттөрү бала бакчаны элестетүүдө. Алар керек болсо өздөрүнүн жети атасын, түпкү санжырасын билбеген “торпоктор”, бир байкуштар! Парламентке келип “кукловод” болушат, атасынын же башка бирөөлөрдүн тилинен чыга алышпайт. Бул туура эмес. Эгер ушул бойдон кете берсек, Беларустагыдан да жаман болот. Кыргыз элин билебиз, бир толкуса селдей каптап чыгат. Бир паста ордуларына коюп коёт. Андайга барбаш үчүн, элдин биримдигин сакташ үчүн президент элге кызмат кылсын!    


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер