Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Делидеги өлүмдөрдүн сүрөттөлүшү, үрөй учурган ирмемдер

Делидеги өлүмдөрдүн сүрөттөлүшү, үрөй учурган ирмемдер

03-май, 22:02
533 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Индиянын борбору Делиде ар бир 4 мүнөттө бирден адам каза таап жатканы айтылууда. Расмий маалыматтарга караганда, күн сайын каза болгондор көрсөткүчү 3 миңге жакын, бирок жергиликтүү тургундар көрсөткүч андан да көп экенин белгилеп келишет.

Беш күн катары менен Индияда коронавирустук инфекцияны күнүмдүк жуктуруп алуу рекорд койду – акыркы суткада 300 миңден ашуун жаңы учур аныкталды. Пандемия башталгандан бери вируска кабылгандардын жалпы саны дээрлик 20 миллионго жетти. Индиянын премьер-министри Нарендра Моди «өлкө жаңы толкундун очогунда калды» деген билдирүү жасады.

Коронавирус биздин сабырыбызды сынап жаткандай. Баарыбыздын жакындарыбыз көз жумуп, айлабызды таппай турган кезибиз. Биринчи толкунду ийгиликтүү жөнгө салгандан кийин биз ишенимдүү болуп калган элек. Бирок, кезектеги коронавирус бороону элдин үрөйүн учурду».

Экинчи толкунга даярдыксыз кабылган бийлик сынга алынууда. Ошондой эле өлкөдөгү дагы бир көйгөй: ар бир 4 мүнөт сайын каза болгондор чыгып жаткандыктан, элдер маркумдардын сөөгүн өрттөөгө жетишпей калышууда. Ооруканада кезек күткөндөй эле жакындарынын сөөгүн ороп алып, крематорийде кезек күткөндөрдүн саны арбыды. Сөөк өрттөөчү крематорийлер толуп калгандыктан, каза тапкандардын сөөгүн көчөдө эле өрттөөгө туура келүүдө. Мунун айынан маркумдарды өрттөгөн жайлар күнү-түнү тынымсыз иштеп жаткан учуру.

Айрымдар вирустун кеңири жайылышын адамдардын санитардык эрежелерди сактабай, той-топурларды, саясый иш-чараларды кеңири өткөрүп, миллиондогон адамдарды чогулткан диний майрамдарды уюштурганынан көрүшөт. Башкалары буга коронавирустун Индияда пайда болгон жаңы «эки жолу мутацияланган» түрү себеп экенин айтышат. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер