Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Көңүлдөш болгонума өкүнөм. Курсагымдагы ымыркай менен жалгызмын...

Көңүлдөш болгонума өкүнөм. Курсагымдагы ымыркай менен жалгызмын...

08-май, 21:02
2 103 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өзүм жогорку окуу жайлардын бирин аяктагам. Бишкектен иш табылганы менен эмгек акыларына канаатанбай Москвага келген кезим болчу. Москвада ири дүкөндөрдүн биринен сатуучулук иш чыкты. Эмгек акысы жаман эмес экен. Курбум Айзадага айтсам, кубанып кетти. “Иштеп турайын, андан кийинкисин көрө жатаармын” деп чечтим.

Бош убактым болсо эле курбум Москвадан тааныштырган жигит Аскат экөөбүз жолугушабыз. Акырындап ага тартылып бараттым. Күн санап экөөбүздүн сезимибиз тереңдеп баратты. Канча жигитти теңиме албадым. “Сөйкө салабыз” деп ата-энемдин алдына келген канчаларын үйүнө кайтардым. Эми минтип Аскатты көргөн сайын тартылып, күн санап ага деген махабатым күч алып баратты.  

Ошол күндөрдүн биринде Аскат дайынсыз болуп кетти. Телефон чалсам көтөрбөйт. Улам телефондон кат жазам. Жооп жок. Жүрөгүм бир жамандыкты сезгендей опкоолжуйт. Кайра-кайра эле телефонум карайм. Жандүйнөм аңгырап, өзүнчө эле бир кызыктай сезимдер мени кыйнай берди. Жооп күтүүдөн тажаганда Аскаттын батирине издеп бардым. Батиринде да жок. Эшикти ачкан келин:

-- Шуркуя десе, бул жакка чейин издеп келгенин карасаң!

-- Эмне дедиңиз?

-- Бирөөнүн үй-бүлөсүн бузуп жатсаң ошентип айтам да.

-- Жаңылышып жатсаңыз керек?

-- Аскатты азгырып, үй-бүлөсү менен ажыраштырып жаткан сенсиң да! “Үй-бүлөңдү таштаба. Эки балаңдын убалы кимге?” деп энеси байкуш ушул жерге чейин келиптир. 

Уккан кулагыма ишенбей дүйнө астын-үстүн боло түштү.

-- Аскат... Аскат үй-бүлөлүү беле? 

-- Түштөн кийин билмексен болбочу?.. 

Келин дагы бир топ сөздөрдү айтып жатты. Бир сөзү кулагыма кирсе, бири кирбей дендароо болуп турдум. Сыртка кандай чыкканымды билбейм. Сенделип кайдадыр бараттым. Аскат мени кантип алдады. Алдоого кантип дити барды. Ал ушундай адам беле? Ал чын эле ушундай адамбы? Суроо артынан суроо...

Ооба бул күндөрү мен кош бойлуу болчумун. Курсагымда эки айлык ымыркай... 

Москванын баягы кооз көчөлөрү эми мага ушунчалык кунары качкан, жалаң алдамчыларга, бузулгандарга толгондой сууканы качып турду.

Баардык таттуу күндөрдүн, алдыга болгон кыялдарым бырын-чырыны чыгып, талкаланып баратты. 

Телефонду өчүрдүм да, көпкө буркурап боздоп ыйлап жаттым. Көпкө ойлондум. Жакын арада эле биздин үй-бүлө дал ушундай окуяны баштан кечиргенбиз. Алыска иштегени кеткен жездем бир аял менен жакын болуп кетип, эжемдин далай түн ыйлап, күйөөсүнүн коңгуроосун күтүп далай күн кечиргенине күбө болуп, мотурайган бөбөктөрүмдүн атасынан кабар күткөнү мага ушунчалык аянычтуу эле. Жездемди азгырган аялды ушунчалык жек көргөм да, каргагам. Мына эми мен да бирөөнүн көз жашына калдым. Мотурайган бөбөктөрдүн көз жашына калдым. Өзүмдөн жийиркенип, өзүмдү жек көрүп отурдум.  

Телефонумдан симкамды, жашаган жеримди алмаштырдым...

Эчен ирет ак фата кийип, турмушка узагандан баш тарткан жаным азыр курсагымдагы ымыркай менен Москвада жапжалгызмын. Бир гана алдыдагы жашоомо маяк болуп, ымыркайым улам ичимди тепкилейт. Ушул жарык дүйнөгө келе турган ымыркайдан бакыт күтүп, менин өмүрүм, менин күндөрүм, сааттарым өтүп жатат...


Малика 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер