Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Россияда кайним менен жашап жүрүп, боюма бүтүп калды...

Россияда кайним менен жашап жүрүп, боюма бүтүп калды...

18-июнь, 17:54
43 021 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Төмөндөгү таңгалычтуу кат Фейсбуктун "Мезгил агымы" тайпасына келген.

"Атым Нуржан. Мен кыскача түшүндүрөйүнчү, кичинемде ата-энем кудалап койгон экен, кулак мээме куя бергендиктенби, жигит жандап сүйүп калуу менде болгон жок, күткөн күн да келип, күйөөгө узадым, жолдошум түнт адам экен, жаш жубайларга эч окшошпойбуз, эркелөө менде жок. “Ушундай болот тура турмуш” деп жашап жүргөн күндөрүмдүн биринде, армиядан бир тууган кайним келди. Кайнимди мурда көрбөптүрмүн. Шыңга бойлуу, ак жуумал, тамашакөй, ошол эле учурда салмактуу сүйлөгөн ачык-айрым, булчуңдуу, келишкен кең көкүрөктүү да жан. Кайним келген күндөн сый мамиледе болдук, көтөрүп келе жаткан суу толо чакаларымды колдон ала коюп, мени аяп турат. Кайсы күнү бул сыйыбыз сүйүүгө өтүп кетти байкабай да калдым, мен үчүн башкача күндөр башталды. Күйөөмдүн мени менен иши жок, копол мамилеси да себеп болдубу, биротоло кайниме ооп баратканымды сезип, күйөөмдү эркелетип, көпчүлүк убакта айланчыктап жанында болгонго аракет кылсам да натыйжа чыкпады. “Үйгө кир, жинди болуп калдыңбы, эмне өпкүлөйсүң? Бузулган аялдардай болуп...” деп жемелейт. Күндөр өтүп жатты, кайним да менсиз жашай албасын айтып, экөөбүз тең кыйналып кеттик. Кайним Россиянын Питер шаарына иштөөгө кетти, мен жалгызсырап калганым менен бир чети туура көрдүм. Эми унутууга болгон үмүтүмөн эч нерсе чыкпады, кайним күндө чалып, ал акыбалымды сурап, сагынганын айтат. Бир күнү күйөөм чайга отурганыбызда кеп баштап калды. (Кайнимдин аты Бекзат.)
 -- Нуржанды Бекзат чыкырып жатат, жумуш бар экен, иштеп келбейби?-деди. 

Кайненем таңгалуу менен карап турду да:
-- Экөөң чогуу баргыла,-деди.
 -- Апа, Нуржан иштеп тапкан акчасын салып турса, мен там баштайын... 

Бул сөздөр мени дагы алыстатты күйөөмдөн. “Чогуу баралы” деп айткан жок...

Өзүнүн башын ала качып, бөтөн элге кетериме кайдыгер караган күйөөмө эрегишип, мен Питерге учуп кеттим. Бекзат тосуп алды, ал мени бекем кучактап, өпкүлөп кирди, мурда мындай нерсе болгон эмес эле. Мен каршылык көрсөтүүгө алсыздык кылдым. Бекзаттын маянасы жакшы болгондуктан, бир бөлмөлүү батирди ижарага алыптыр. Экөөбүздүн жашоо бир төшөктө башталды, жумушка Бекзаттын жанына кассир-оператор болуп орношуп, иштей баштадым. Эркек кандай болорун, сүйүү, күйөөгө ишенип жашоо, бакыт кандай экенин Бекзаттан сездим. Биз бири-бирибизсиз жашай албайбыз. Менин Бекзаттан боюмда бар, эми эмне болот? Билбейм. Бекзат “ачык айтам” деп далай чалат ата-энесине, мен айттырбай келем. “Сени эч качан тебелетпейм, барына даярмын” деген Бекзатыма толук ишенем. Мени кыйнаганы – ата-энем укса эмне дейт? Эл эмне дейт? Ушундай суроолор жеп бүтүрдү. Кандай кылам? Эми эмне болот? Менин бактылуу болууга акым бардыр” деп кат жолдогон.

Нуржан 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер