Акыркы кабарлар
» Саясат » Самат Исабековдун бажы кызматын жетектөөгө моралдык укугу калган жок. Уят!
Самат Исабековдун бажы кызматын жетектөөгө моралдык укугу калган жок. Уят!
30-июнь, 19:30

Ай сайын бажы кызматкерлери УКМК тарабынан “Коррупция” беренеси боюнча айыпталышып, камакка алынып жатышканы арбып кетти. Мынчалык алдым-жуттумдук, мамлекеттин ырыскысына кол салуу болгон эмес. “Камалсак да миллиондорду басып туруп, түрмөгө кете беребиз” деген жанкечтиликтей образ жаратышууда. Карапайым калк таңгалып жатат. Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков эмне кылып отурганы белгисиз. Ал системаны башкара албай калдыбы, же өзү коррупцияга аралашууга ынтызарбы? УКМК азырынча чечмелей элек. Аныгында Самат Исабековдун бажы кызматын жетектөөгө моралдык укугу калган жок. Уят! Байма-бай эле кол астындагылары коррупцияга айыпталуу менен кармалып жатышса, мындай көрүнүш көндүмгө айланса, өкмөт деле бир чечимге келиши керек да. Кайдыгерликтин чеги болбойбу? Кыскасы, өтө кейиштүү картина тартылууда... Же Самат Исабеков көлдүк болгону үчүн эч кимди тоготпой, ишенген “крышасына” артын такап, бети түгөнсө да көгөрүп отурабы? Асыресе, мамлекеттик кызматтын баркын кетирүүгө чоң салымын кошуп атат. "Азия Ньюс" гезити











