Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Депутаттар С.Өмүрзаковдун, А.Эрбаевдин, В.Раимбачаеванын, К.Сулаймановдун жана Ы.Атажановдун элге карата кыянатчылыгы...

Депутаттар С.Өмүрзаковдун, А.Эрбаевдин, В.Раимбачаеванын, К.Сулаймановдун жана Ы.Атажановдун элге карата кыянатчылыгы...

27-сентябрь, 18:11
2 887 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ансыз да карапайым калк жакырчылыктан каржалып, жашоодогу ар кандай стресстерди баштан кечирип жатканда, төбөдөн чокмор ойноткондой эле жоруктар башталууда. Кысымга алуунун чеги жокпу? Козута беришеби? Өкүнүчтүү (эптеп чыдап жашап жатканда)...

Мыйзам бузуулар кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү менен милицияны видеого, сүрөткө тарткан жарандарды жазалоо (айып пул салуу, камакка алуу) демилгесин көтөрүп чыккан депутаттар Сүйүнбек Өмүрзаковго, Алишер Эрбаевге, Венера Раимбачаевага, Кундузбек Сулаймановго жана Ырысбек Атажановго кулак кагыш! Бул эл өкүлдөрү кечиримсиз чекилик кетиришүүдө. Эгерде орган кызматкерлери беспредел кылышса, адам уктарын тебелешсе, алардын жүзүн ачуу керек да. “Кой аксагы менен миң”, же “Бир карын майды бир кумалак чиритет” дегендей, милиция ичинде “жүзүн жашырган макулуктар” бар да, алардан тазалануу үчүн ачык коом, ой эркиндиги керек. Мындайда видеого, сүрөткө тартып, алешемдикти ашкерелөө, орой айтканда, акмакчылыкты ачыктоо шарт. Бизде укук коргоо органдары жипке тизген шурудай ырааттуу иш кылышары арсар. Бул жагы ачык-айкындуулук аркылуу жолго салынат эмеспи. Жаап-жашыруу менен эч качан тазаланууга бара албайбыз. Ушул алкактагы көйгөйлөрдү министр Улан Ниязбеков да айтып, агартуучулук аракеттерин жүзөгө ашырып келет. Тилекке каршы, жогоруда аты аталган депутаттар акылга сыйбаган сунуштарды божурашып, элди басмырлаган кербездериби? Ансыз да демократия, сөз эркиндиги кысымга алынган чакта, “какаганга муштаган” кылбай, тизгиниңерди тарткыла! Калкка карата кас саясатты, мындай кыянаттыкты дараметсиз башкалар айтса да, генерал-майор Сүйүнбек Өмүрзаковдон күткөн эмеспиз. Уят!  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер