Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Темир Сариев: “Эсирген бийлик 7-апрелде элибизге каршы ок аткан!”

Темир Сариев: “Эсирген бийлик 7-апрелде элибизге каршы ок аткан!”

07-апрель, 10:34
1 152 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн Апрель элдик революциясына 10 жыл толду. 10 жылдык мөөнөт адамзат тарыхы үчүн көз ирмемге татыбаган мезгил сүртүмү. Ал эми акыркы 10 жыл биз үчүн он кылымга тете, сыноолор, чакырыктардын мезгили болду.

2010-жылдын 7-апрелинде эл талабын эстен чыгарып, адилеттикти, эркиндикти тебелеп, эсирген бийлик калкыбызга каршы ок атты. Токсондон ашык азаматыбыз шейит кетип, жүздөгөндөр жараат алды. Биздин баатырлардын жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүк калат.

Мамлекетибиз эгемендик тарыхындагы эң кайгылуу жана кандуу окуяны башынан өткөрдү. Элибиз эркиндиги үчүн жамгырдай жааган октон кайра тартпасын далилдеди.Тарыхка айланды. Кыргызстандын жана кыргызстандыктардын мүнөзүн, эркин көрсөткөн тарыхка айланды.

Андан бери 10 жыл өттү. Бүгүн Апрел ыңкылабынын 10 жылдыгын белгилеп жатып, бул окуя өзүн актаган жок, шейиттер бекер эле жанын беришти деген пикирлер айтыла калып жүрөт. Бирок мындай ири окуяларга тарых гана баасын берип, өзгөчөлүгүн да, өксүгүн да ачыкка чыгарат.

Албетте, кемчилик болбой койгон жок. Кемчиликтер көп. Баардык үмүттөр эле актала бербейт экен. Өткөн 10 жыл ичинде ишке ашышы керек болгон бир топ ири долбоорлор айрым адамдардын тар кызыкчылыгынан, саясый оюндардан улам аткарылбай калды. Биз бул үчүн ыңкылапты бирге ишке ашырган мекендеш, пикирлеш, замандаштардан алдындагы жоопкерчиликти азыр да сезип турабыз.

Бирок биз туура жолго түштүк. Мен буга ишенем. Жаманын көтөрүп, жакшысын тең бөлүшө турган биздин тарыхыбыз.

Эң негизгиси, ар бир баскан жолубуздан, өткөргөн күнүбүздөн сабак алып, кечээки кемчиликти кайталабаганга аракет кылышыбыз керек. Бул айрыкча, бийлик башчыларына тиешелүү.

Учурдагы ааламдашкан мезгилдеги чакырыктар, кыйынчылыктар жана коркунучтарга биз биримдик, билим, илимди өнүктүрүү жана күчтүү экономика менен гана каршы тура алабыз.

Кыргызстан үчүн тарыхый окуя алдында келген коронавирус деген сыноо да дал ушул баалуулуктарды бизден талап кылууда. Мындай илдет өлкөлөрдүн ички ресурсун, илим менен технологиясын, адамдарынын аң-сезимин сынап жатат.

Ал эми Апрел революциясынын бирден-бир талабы дал ушундай кыйынчылыкка кайышпай туруштук берчү мамлекетти куруу болчу.

Апрел ыңкылабынын ишке ашырала элек идеяларын, максаттарын жана талаптарын турмушка ашыруу азыркы бийликтин жоопкерчилигинде. Аны аткарууну биз да талап кылабыз.

Бүгүнкү кырдаалга токтолсок, бир топ кемчиликтер кетип жатканын көрүп турабыз. Суроолор абдан көп. Эң башкы суроо: “Бийликтин өткөндөн сабак алып, адискөй адамдарга басым жасап, мамлекетти оор абалдан татыктуу алып чыгып кете алабы? деген болууда.

Бирок тарых көрсөткөндөй, өзгөрүү үчүн бийликтеги адамдар гана өзгөрбөй, коомчулук өзүбүз да өзгөрүшүбүз керек болуп турат. Жаңы доордун талаптарына жооп берүү үчүн аң-сезимибизди, өзүбүз да өзгөртөлү...

Биз Апрель революциясы менен улуу жолго, улуу күрөшкө чыкканбыз. Биз түшкөн жол кайсы бир мөөнөт же кайсы бир адамдар менен чектелбейт. Биз экономикасы кубаттуу, эли эркин, демократиялуу КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТИН курмайын бул талаптарыбыз актуалдуу бойдон турат берет.

Урматтуу мекендештер!

Дагы бир ирет коррупция менен канкор бийликке каршы чыгып, эркиндик менен эл эркин сынаган Апрель революциясынын каармандарына ыраазычылык билдирем.

Жашасын эгемен Кыргызстан!


Темир Сариев, экс-премьер-министр

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер