Мени күйөөм, кызымды жигити таштап кетти...


Жолдошум 6 жыл мурун өзүнөн бир топ жашка кичүү аялга кетип калган. Азыр 62демин. Бул окуя мага абдан оор тийди жана таарынычым дагы эле бар. Бирге 30 жыл жашап, көп нерселерди баштан өткөргөнбүз. Анын кетип калганына өзүмдү күнөөлүү сезген жокмун.
Алгачкы төрт жыл абдан оор болду. Четтен карагандар үчүн бул оңой сезилиши мүмкүн, бирок чындыгында жандүйнөмдө дайыма ооруу, уйкусуз түндөр көп болду. Арыктадым, чүнчүдүм, басындым! Мындай азаптарга татыктуу белем? Албетте, жок. Болгону убакыт гана жандүйнөнүн жаратын айыктырат.
Уулум үй-бүлөсү менен алыста. Кыргызстанга келгиси да жок. Кызым дагы жалгыз. Күйөөсү да, балдары да жок. Бул биздеги тагдыр же каргыш сыяктуу окшойт. Кызым жигити менен көп жыл сүйлөшүп жүрдү. Бирок ал жигит башка бирөөнү жолуктуруп, ага үйлөнүп кетти. Кызым үчүн да оор болду. Эми эч ким менен сүйлөшпөйт. Атасы менен байланышпайт.
Ошентип, ажырашканыбызга 6 жыл болуптур. Азыр иштейм, баары жетиштүү. Кээде жалгыздык сезим кыйнайт. Бирок мендей курактагы аялдар кандай ойлойсуңар? Турмуштун маңызы эмнеде?
Жаркын











