Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Табакташы” Жаныш Бакиев менен тең жарыша баш көтөргөн Карганбек Самаков

“Табакташы” Жаныш Бакиев менен тең жарыша баш көтөргөн Карганбек Самаков

03-апрель, 19:30
2 763 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Кандуу режимдин тушунда Карганбек Самаков кыйла байыган. Жаныш Бакиевдин аркасы менен Чүй облусунан жүздөгөн гектар жерлерге ээлик кылып, карапайым калкты алдап кеткени менен таанылганы эсибизде. 2010-жылдан кийин артынан арыздар жазылып, чуулганга калган. Жерлерин алдырган жарандарыбыз зар какшашып, арызданып жатышып, акыры Карганбек Самаковду каматууга жетишкенин билебиз. Мыйзам алдында айыпталып, түрмөгө түшкөн. Убакыттын өтүшү, акчанын күчү менен кийин эркиндикке чыккан эле. 2020-жылы жаңы бийлик келгенде бир топ жагалданып, командага кошулууга жан үрөп, бирок четке тебилген болчу. Бул эргул өткөн чагы менен жаманатты кылуудан башка пайда алып келмек беле? Көптөн бери шүк жүрүп, соңку убакта кайрадан баш көтөрүп, блогерлерге өзүн мактатып, Садыр Жапаровдун жанына жете албай жатыптыр. Баш чайкайсың да. Билген адамга Карганбек Самаков бийликтин беделин түшүрүүгө гана жарайт. Башка жакшылыгын көргөн эмеспиз. Учурда Жаныш Бакиев кандай баш көтөрсө, бул өнөктөшү да козуп, кызматка жулуна баштаганы таңгалдырат. Түрмө сабак болбоптур да. Же дагы бир кирип чыкса оңолобу

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер