Катадан башы арылбаган экс-министр Гүлмира Кудайбердиева кайда?
Ректорлордун форумунда үзүктөй чоң баннерден олчойгон ката кеткенин мойнуна албай, “эки ката эч нерсе эмес” деп мурдун балта кеспеген мурдагы билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева 303 миллион 82 миң сомго чыгарган 32 наамдагы 3 миллион 330 миң 881 мектептер үчүн окуу китептеринин баардыгы ката болуп, жараксыз (!) деп табылган. Ошол билим берүүнүн бир жагын чойгон айым азыр Москванын чок ортосунан үй алып, Арбатта жашайт экен. Китеп чыгарууга бөлүнгөн акчаны каалагандай “мойсоп”, Индия, Вьетнамдан чыгарган сапатсыз китептеринин ышпалдасы чыгып, небак эле жарабай калган. Ал эми “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен экс-өкмөт башчыларынан тарта “кустуруп” аткан күч органдары экс-министр Г.Кудайбердиеванын ишмердүүлүгүн териштиреби, же Акылбек Жапаровго көз жумгандай көрмөксөн болуп коёбу?
"Азия Ньюс" гезити