Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айгүл Айдарова: “Депутаттык күбөлүгүмдү көрсөткөндөн кийин “макул” деп кетирип койсо болмок”

Айгүл Айдарова: “Депутаттык күбөлүгүмдү көрсөткөндөн кийин “макул” деп кетирип койсо болмок”

24-апрель, 21:41
766 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Айгүл Абдисаламовна, сиздин кайгуул кызматкери менен болгон пикир келишпестигиңиз эмне менен бүттү?

-- Биз душман эмеспиз да, бири-бирибизди кечириштик. Бетме-бет жолугуп кечирбегеним менен Жараткан үчүн кечирип койдум. Кудай сактасын, өч алайын деген ниет жок менде. Нурлан Насипке кылган мамилесинин эки эсесин мага кылды. Же аял деп тоготподубу, билбейм. Бул чыр бир жума бою аябай эле талкууга түштү, аны кайра эстегим да келбей турат. Бизде да бала-чака, ата-эне деген бар да. Аларга катуу тийет экен.

-- Кандай дейсиз, кайгуул кызматкеринин жумуштан алынганы туура болдубу?

-- Ал жумуштан алынган жок, сөгүш жарыялоо менен кызматынан гана төмөндөтүлдү. Мен ЖМКларга кайрылат элем, маалыматты оңго-солго бурмалабай, туура берсеңиздер!

-- Мындай кырдаалда коомдук пикир көп учурда депутат тарапта болбойт эмеспи...

-- Ооба. Алты жарым миллион калк болсо, алты жарым миллион ой, көз караш болот экен. Бирок, мени тааныгандар, кандай экенимди билгендер мени колдошту. Өзүм конфликтти жаман көргөн адаммын. Дайыма күлүп жүрөм. Күлгөн өзү сүннөт да. Биз, депутаттар өйдөбүз деп айтпайм. Биз элден ылдый адамбыз. Элге баш ийип, жүгүнүп турабыз. Бирок, Башмыйзамыбыздын 24-беренесинде депутаттардын кол тийбестиги деген бар да. Аны мен ойлоп тапкан жокмун. Ошондуктан, күбөлүгүмдү көрсөткөндөн кийин “макул” деп кетирип койсо болмок.

-- Сиз буга чейин тергөөчү болуп иштегенсиз да. Парламенттин ишине көнүп калдыңызбы?

-- Кудай буюрса, Жогорку Кеңешке келгениме эки ай, эки жума болду. Көнүшүп баратам. Тергөөчүлүк ишим бул жактан да кыйын болчу. Парламент карапайым элге жардам бере турган мекеме экен. Бир байкаганым, бул жерде тергөөчүлүктүн да көп жумушу бар экен... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер