Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кылыч Жолдошов менен Мурат Бороновдун ИИМде иштегенге моралдык укуктары барбы?

Кылыч Жолдошов менен Мурат Бороновдун ИИМде иштегенге моралдык укуктары барбы?

21-июнь, 13:41
2 328 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мурдагы бийликтердин учурунда Төрөбай Зулпукаровдун кареги менен тең айланган кадрлар арбын эле. Бул саам милициядагы окшошкон эки “итибайды” сөз кылгыбыз келет. 

Биринчиси, Кылыч Жолдошов УВДТ начальниги болуп отурат. Буга чейин Ош, Жалал-Абад ОИИБлерин жетектеген. Деңгээли пас, айдатма, өз алдынча демилге көтөрө албаган, эптеп эле илең-салаң менен жүргөн неме. Түштүк аймагынан которулуп келгенден бери азыркы кызматында иштей албай, чайналып атканы каңкууланды. “Крышасы” Төрөбай Зулпукаров камалгандан бери алдастап, өзүн өгөй баладай сезип жүргөнү жалганбы? ИИМдин чоңдоруна тар чөйрөдө тескери сүйлөп коймоюн кантесиңер? Айтор, көп нерсени билмексенге салып отурат... 

Экинчиси, Баткен ОИИБ начальниги Мурат Боронов буга чейин Оштун башкы милициясы эле. Бул да бир сабатсыз, кулагынан сүйрөлүп жүрүп чоңойгону жашыруун эмес. Ар бир тепкичке Төрөбайдын көтөрмөлөгөнү менен чоңойгон. Баткенде эптеп-септеп иштеп жүрөт.

Биз эмнени айткыбыз келет? Зулпукаров кылмышка шектүү катары камалса, анын жакын кадрлары Жолдошов менен Боронов сүттөн акпы? Булардын алыш-бериштери, тымызын бүтүргөн иштери, түштүк аймагындагы жасаган былыктары арбын экени жалганбы? Бир командада жүрүшүп, жең ичинен кылгылык салышканы, учурда билгизбей басып жатышканы кандай? ИИМ акыры Кылыч Жолдошов менен Мурат Бороновдун үстүнөн кызматтык териштирүүгө алышы керек. Натыйжада, бул экөөнүн системада иштегенге моралдык укугу калбай калышы мүмкүн. Же биз чекесинен чыгара берелиби?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер