Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Биримдик» №1: “Өлкѳдѳгү мектептер 100% интернетке туташат”

«Биримдик» №1: “Өлкѳдѳгү мектептер 100% интернетке туташат”

24-сентябрь, 12:48
489 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын талапкерлери шайлоо ѳнѳктүгүндѳгү үгүт иштерин улантышууда. Партиянын талапкери Исламбек Увайдиллаев да шайлоочулар менен жолугушууларды ѳткѳрүүдѳ. 

23-сентябрда талапкер Сузак районунун тоо арасындагы Сай, Кыр-Жол айылдарынын эли менен жолугушту. Жолугушууда аталган айылдардын жашоочулары бир катар кѳйгѳйлѳрдү кѳтѳрүшүп, талапкердин максат, ниеттерин угушту. 

Талапкер ѳз сѳзүндѳ коомду ѳзгѳртүү ар бир жарандын аракетинен, жалпынын биримдигинен, бийлик менен элдин эриш-аркак болуусунан кѳз каранды экендигине токтолду. Ошондой эле «Биримдик» партиясы алдына бир катар максаттарды коюп жаткандыгын айтты. Социалдык, экономикалык маселелерди элдин кызыкчылыгында чечүү да партиянын башкы максаттарынан экендигин билдирди. 

Мындан сырткары, эгемендикке келгени кендирди кесип, ѳлкѳбүздүн экономикасынын ѳнүгүп, элибиздин турмушунун жакшыруусуна жолтоолук кылып келаткан коррупцияга каршы күрѳштү күчѳтүү да партиянын программасында кѳрсѳтүлгѳнүн талапкер белгилеп ѳттү. 

Ошону менен бирге Исламбек Увайдиллаев келечек ээлери болушкан жаштарга билим берип, тарбиялоо маселесине ѳзгѳчѳ кѳңүл буруу зарылдыгын баса белгилеп, бул боюнча партиянын программасына токтолду. «Биримдик» партиясынын программасында белгиленгендер боюнча 2024-жылга карата ѳлкѳдѳгү мектептер 100% интернетке туташат. Балдарга билим берүүнүн инновациялык ыкмалары колдонула баштайт», - деди талапкер. 

«Биримдигиңерди кѳрсѳтүп «Биримдик» партиясына добушуңуздарды бериңиздер! Биздин жеңиш, ѳлкѳбүздүн ѳнүгүп, ѳсүүсү сиздердин ар бириңиздердин добушуңуздардан кѳз каранды!», - деди партиянын жаш талапкерлеринин бири. 


«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер