Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Искендер Шаршеев: “Экономикалык өзгөчө режим бизнести чочутууда”

Искендер Шаршеев: “Экономикалык өзгөчө режим бизнести чочутууда”

07-август, 13:26
3 384 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Чет элдик инвесторлор ассоциациясынын аткаруучу директору менен маек.

-- Өкмөт тарабынан өлкөнүн экономикасына өзгөчө кырдаал режимин киргизүү сунушталды. Бул эмне болгон нерсе, түшүндүрсөңүз?

-- Дүйнөлүк экономикада мындай кырдаалдар сейрек кездешет. Негизи экономикадагы өзгөчө кырдаалдар деген нерсе жаңылык. Мындай жагдай көбүнчө алааматтар, согуш же ушул сыяктуу кризис болгондо жарыяланат эле да. Экономикалык режимдерге окшош, бирок аталышы башка жагдайлар Түштүк Корея, Камбоджа, Кытай сыяктуу өлкөлөрдө болгон. 

-- Бул режимге бизнес чөйрөсү кандай баа берип атат?

-- Бизнесмендер аябай кооптонууда. Анткени бул режимдин артынан салыктар көбөйбөйбү?” деген суроо ачык калдыКарапайым элдин жашоосуна бөгөт коюлбайт дегенге кепилдик жок. Ошон үчүн бизнес чөйрөсү бул мыйзамды тереңирээк түшүндүрүүгө кошумча убакыт берүүнү же таптакыр жокко чыгарып салууну президенттен суранганы жатабыз.

-- Сунушталган мыйзамдын негизинде экономикада кандай өсүштөр, өзгөрүүлөр болот экени белгилүүбү?

-- Ал жөнүндө так айтылган эмес. Аякта жалпыланган функциялар, өзгөчө ыйгарым укуктар өкмөткө берилери көрсөтүлгөн. Эгер чындап экономиканы көтөрүү керек болсо, анда башкача мыйзам чыгарышса болмок. Маселен, жаңы ишканалардын түрлөрүн ачууга, инвестиция тартууга мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, салыктык эркиндик берилсе, өкмөттүн аракети түшүнүктүү болот эле. 


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер