Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шайлоого арыз берген партиялар кайсылар?

Шайлоого арыз берген партиялар кайсылар?

16-февраль, 12:07
1 709 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Буга чейин шайлоого катышууга эки партия ниетин билдирген, бүгүн аларга дагы бешөө кошулду. Арыздар 2-мартка чейин кабыл алынат.

Саясый жети партия Бишкек шаардык кеңештин шайлоосуна катышууга ниетин билдирип, калаадагы аймактык шайлоо комиссиясына (АШК) арыз берди. Бул тууралуу АШК башчысы Кайрат Маматов кабарлады.

Буга чейин "Жашылдар партиясы" менен "Ыйман Нурунун" өз депутаттарын шаардык кеңештен көрүүгө ниеттенип жатканы айтылган.

Бүгүн төмөнкү беш партия арыз таштаган:

  • "Легалайз";
  • "Ата Мекен";
  • "Эмгек";
  • "Бүтүн Кыргызстан";
  • "Улуу Журт".

Партиялар шайлоого катышуу үчүн 1-март саат 23:59га чейин арыз берип жетишип калышы керек. Бишкек шаардык кеңеши менен 447 жергиликтүү кеңешке шайлоо 11-апрелде өтөт.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер