Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Хасбиктин” алсыздыгынан Бишкек ШИИБ жабыркай береби?

“Хасбиктин” алсыздыгынан Бишкек ШИИБ жабыркай береби?

20-июнь, 21:50
492 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өткөн айда пакистандыктардын окуясынан кийин Свердлов РИИБ начальниги Жеңиш Абитов кызматын өз эрки менен тапшырып, убактылуу тыныгууга кеткен. Креслого жармашпай, мырзалык сапатын көрсөттү. Албетте, бул окуяга ар ким алына жараша баа берди. 

Маселени тереңдете карай турган болсок, ириде Бишкек ШИИБ башчысы Азамат Токтоналиев токтоосуз түрдө кетиши керек эле. Пакистандыктардын ур-тепкиге алынганына, тонолгонуна дал ушул “кызыл шапкечен” күнөөлүү да, туурабы? Шалаакылыгы үчүн жооп бербейби? Убагында чара көрбөй, туура башкарууга барбай, баарын көмүскөдөн былгытып салса, бул үчүн башка жетекчилер эмнеге жабыр тартышы керек? “Кызмат” дегенде үзүлүп түшкөн “Хасбик” каймана атындагы Токтоналиевге өздүк курам да кабатыр. Бишкек ШИИБге келгени бир жылга чукулдап калды. Эч кандай ишинин жыйынтыгы жок. Тескерисинче, ай сайын кызматкерлери ИИМ, УКМК тарабынан кармалып, камалып келишет. “Балык башынан сасыйт” демекчи, системаны “иритип” аткан күнөөкөр жазаланбаса, абал оңолобу? Коомдук-коопсуздук кырдаал тийешелүү деңгээлде каралбаганы үчүн шаарда жаңжалдар орун алды да. Кылмыштуулукка каршы күрөшүү жагы да аксаган, натыйжасын бербей келет. Айтор, “Хасбиктин” алсыздыгы үчүн бүтүндөй Бишкек ШИИБ жабыркабашы керек да, туурабы? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер