Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Айрылган жубайымдын артынан кетериме аз калгансыйт...
Айрылган жубайымдын артынан кетериме аз калгансыйт...
28-декабрь, 13:09
3 288 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бир ай мурун 9 жылга жакын чогуу жашаган сүйүктүү жубайым кырсыктан көз жумду. Мен анын өлүмүн кабыл ала албай азап тартып жүрөм. Жашоону кантип улантуу керек? Билбейм. Дээрлик эч нерсеге табитим жок, бир айда 15 кг арыктадым. Уйкум дагы качты. Ашып кетсе 3-4 саат уктайм. Алгачкы күндөрү аябай ичип күн өткөрдүм. Бирок мындай жашоо да тажатты. Көңүлүм эч нерсеге тартпай, жумуштан эки ай өргүүгө чыктым. Менин азыр жашагым келбейт. Кырдаалды өзгөртүп, кайдадыр кетким келет. Бирок бара турган жерим жок. Үйдө анын сүрөттөрү, кийимдери, жыттары... Баардыгы аны эске салат. Мен жубайымсыз жинди боло баштаганымды түшүнүп турам. Анын артынан кетериме аз калгансыйт. Бул жаман түш сыяктанат. Бүтпөгөн аяктабаган жаман түш...
Сапар
"Азия Ньюс" гезити