Саякбайдын дарысы


(Улуу манасчы С.Каралаевдин чыгармачылык элесине сүртүмдөр)
Бир агай айтып берген ушул баян
Эсимде, дале турат, кетпейт анан.
Окуя өткөн экен кыйла мурун
Ошону эскерейин бүгүн араң.
Айткандар алды эле кыргыздардын
(Билбейсиң ырахатын чын жыргалдын...)
Экөө тең эсил жандар - зор таланттар
Ээсиндей жашап өткөн бир жылдардын.
Ал агай бизге келчү иши менен
Олтурчу, баарлашчу, сөзү белен...
Бир жолу айткан эле чын дилинен
Каткырып, ыкшып алып көпкө терең.
...Ал жылы академия корпусунан
Кездештик Сакем менен кокусунан.
Сүйлөшүп туруп калдык жай сурашып,
Күнүмдүк жашоосунун соңкусунан.
Саякбай тамашакөй, сөзгө чебер
(Күлдүрүп, көпчүлүктү тартат белем...)
Бир кезде чарчагансып тына түштү
Ошондо сөз узаттым эске келээр.
-Саке, сиз билесиз го аял жайын
Айрыкча жаш улгайып барган сайын.
Ошондо жанга кубат дем берүүчү
Дары бар эркектерге күчү дайын.
-Ыя, койчу, барбы ошондой дары-дармек
Карыганда кашайгырга такаат бермек.
Болсо эгер кайрылышчы кагылайын,
Атаң да жан жыргалын сезип, көрмөк.
-Берейин, сизден кантип айайм аны
Алганмын аптекадан кечээ жаңы.
Айтарым, абай болуң, күчү укмуш
Аялдар сизди тооруйт далай жолу.
-Балакетиң алайын, жыргаттың а
Баягылар баш чайкап, кууратты да.
Күчүн эми көрөйүн качат бекен
Курган чалдын кумганы туйлатты да.
-Болсун Саке, үзүрүн эми көрүң
Сиздей жанга кеп бекен ашуу, өрүң...
Чөнтөктөгү дарыдан бирди берип,
Саке көөнүн жайладым, көңүл бөлүң.
Ал дарыны Сакебиз кастар менен
Жүз аарчыга түйдү аны кылдат, чебер.
Жаш баладай сүйүнүп кетип барат
Тапкан өңдүү чоң байлык арбын, кенен.
***
Ал арада убакыт өттү бачым
Унутупмун баарысын кайран башым.
Бир ай мезгил өткөн соң жолугуштук
Сакем шайдоот, кыймылын сезип жаттым.
Салам айттым “Саке” деп кучак жайып
Ал да мага умтулду жүзү жарык.
Мен сурадым дарыны эстей калып,
Сакем болсо сөз айтты күйүп-жанып.
-Балакетиң алайын, бүркүт менен
Бостериге келгенмин, айтып берем.
Капчыгайда жүрөбүз күндөгүдөй
Көңүл ачуу керемет, кокту терең.
Карачолок тап коюп көрүнгөнгө
Түш оогондо олтурдук бийик дөңдө.
Кокусунан бет аарчы керек болуп,
Колго урунду түйүлгөн аспет нерсе.
Ала коюп, оозума сала койдум
Чай кайнамча өттү окшойт, даба болдуң.
Чоң балакет башталды бир убакта
Чаңкап калган эмедей чыкты оюнум.
“Олжогоюм” оголе жаалы күчөп
Опурулса андайда кимдер түтөт?
Жаргак шымды жарчудай толуп-ташып
Жан айласын кылбасам кандай бүтөт?!
Эмнеси болсо да үйгө жетсем
Ойдологон түгөттүн оозун чечсем.
Олбуй-солбуй теминип, камчы үйүрүп
Күн батарга жакындап заары күчөп.
Желкесинен толгодум мыкчый кармап
Жеткирбестен кеткидей атты жандап.
Ал ансайын күүлөнүп эпке көнбөй
Ээр кашын жеп салды жини кайнап.
“Токто, токто кайраным, жакын калдым
Эки тизгин, бир чылбыр колума алдым”.
Анда дагы сөз укпай чамынууда
Жан териме чыланып, оттой жандым.
Жиним кайнап жыласты жоошута албай
Айлам кетти ансайын тынчыта албай.
Ѳзүң берген дарынын күчү кандай!?
Боктоп сөгүп келатам, баарын шалдай.
Акырында болбоду эпке көнбөй
Конучтагы булдурсун күчүн көрмөй...
Ѳрүмүнөн колго алып, сабын туштап
“Каң” дегизе тумшукка бердим көрбөй.
Кудай бетин көргөзбө, кандай азап?
Атакеңин “айбалта” мында жатат.
Баш тумшугу канжалап, жинин бүркүп
Бир оокумда жай болду какап-чакап.
Балакетиң алайын, мунуң мыкты
Мына ушундай дүмөктү салып чыкты.
Бир эт бышым алышып аны менен
Ѳзүн дагы, мени да түгөл жыкты.
Керек болсо мен өзүм кабар кылам
Дарыңыздан кайрылыш, таазим буган.
Карачолок билгендей кайкып учуп
Ошол күнкү өнөрү – канмак кыбаң.
Деп ошентип Сакебиз кетмей болду
Карыянын кебине көңүл толду.
Бергеним го грипптин дарысы эле
Берегиси апыртуу анык болду.
Фантазия Сакемде күчтүү эле
Дал турмуштун өзүндөй түшчү эле.
Ар бир сөздү келтирген кары эле
Айтканында “Манасы” дары эле.
Бизге башка дарынын кереги жок
Уккан сайын улуттун көңүлү ток.
Сакем айткан маселе жөнү менен
Ыгы келсе ар кимдин жүрөгү чок.
...Агай айткан окуя дале эсте
Ыкшып күлүп ичимден кээде кечте.
Карт манасчы дүйнөсү чылк казына
Билгенибиз чоң олжо чама жетсе...
Бакыт Баймырзаев, КУУнун кыргыз адабияты кафедрасынын доценти











