Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Бак тигүү, жер кыртышына кам көрүү табигый кырсыктардын алдын алат”

“Бак тигүү, жер кыртышына кам көрүү табигый кырсыктардын алдын алат”

02-июль, 19:38
591 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

17-июнда Жалал-Абадда катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, Эски Кочкор-Ата айылынын кичинекей тургуну көз жумду. Момбеков айыл өкмөтүндөгү Эски Кочкор-Ата, Бостон айылдарында үйлөрдү, имараттарды суу каптап, трактор, машиналарды бир топ жерге чейин агызып салган. Айылдагы тургундардын айтымында, мындан бир жарым ай мурун эле сел жүрүп, эми гана жыйналып, бейкапар жашоолоруна кайта башташкан. 


Бекболот Жумашев, Кочкор-Ата айылынын тургуну: 

-- Кечээ күнү эле сел кирип, бар-жокту каптап кетти эле, кайра башынан куруп бүткөн болчубуз. Бир жарым айдан кийин кайра келди. Үйгө кире турган жолдорду, көпүрөлөрдү кайра тазалап, баарын жасаганбыз. Муну бүткөндө эми кайра каптап кетти да. Биздин айылда сел бат-баттан кайталанууда. Алай-дүлөй башталганда үй-бүлөбүз менен баардыгыбыз эвакуация болуп, көчөгө чыгабыз, бийик жерлерге барабыз. Жакшы тоспой жатышпайбы! Андай жерлерге канал салып, суу кире турган жерлерди таш менен тизиш керек. Дамба жок. А ӨКМ келип тазалап берип коёт, болду. 


Жылына суу ташкындарына байланыштуу 70ке жакын өзгөчө кырдаалдар келип чыгат

Жыл өткөн сайын сел жана суу ташкындарынан дүйнө жүзүндө көптөгөн адамдар жабыркоодо. Анын ичинде Кыргызстан дагы бар. Республикада жылына орточо эсеп менен сел жана суу ташкындарына байланыштуу 70ке жакын өзгөчө кырдаалдар келип чыгат, бул баардык өзгөчө кырдаалдардын 29-30%ын түзөт. Мындай жаратылыш кырсыктары олуттуу экономикалык чыгымдарга алып келет. Маселен, калктуу конуштарда жергиликтүү жарандардын турак жайынан тышкары, транспорттук коммуникациялар, айыл чарба жерлери, гидротехникалык, ирригациялык курулуштар жана башка объектилер жабыр тартат. Ал эми республиканын баардык калктуу конуштарынын 95%ы дарыялардын же убактылуу суу агымдарынын жээгинде орун алган. 


Алексей КокоринБүткүл дүйнөлүк жаратылыш фондусунун (WWF) климаттык программасынын директору:

-- Эгерде узак мөөнөттүү прогнозду карай турган болсок, XXI кылымдагы ар кандай болжолдоолор боюнча Кыргызстандын аймагында жаан-чачындар мурдагысындай эле көрүнөт, бирок бул абдан чоң адашууга алып келиши ыктымал. Анткени жаан-чачындын режими алмашып, алардын сезондук бөлүнүшү да өзгөрүп жатат. Орой айтканда, мурда жаан-чачындын белгилүү бир көлөмү бир сутка жааса, азыр ошол жаан 2 саатта, эгерде мурда 2 саат болсо, азыр 20 мүнөттө жаап коюуда. Албетте, мунун баардыгы инфраструктурага, сел жана көчкү жүрүү коркунучу бар эңкейиштерге чоң таасирин тийгизүүдө. Өтө сейрек кездешүүчү кубулуштар, айталы, 50 жылда бир жолу болсо, азыр алар бир жарым эсе бат кайталанууда. 


Бак тигүү, жер кыртышына кам көрүү табигый кырсыктардын алдын алат

Өзгөчө кырдаалдарды божомолдоо, мониторинг жүргүзүү департаментинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын дээрлик бүт аймагында сел жүрүү коркунучу бар. Токойлор кыйылып, жолдор жана башка курулуштарды салууда жаратылыштагы өзгөчөлүктөр эске алынбаса, табигый дренаждын өзгөрүшү жана жердин кыртышынын начарлашы сел жүрүү коркунучун күчөтүшү мүмкүн.


Рикс Бош (Dutch Green Business), климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча кеңешчи:

-- Биз адамдарды селдерге, кургакчылыкка, ысык күндөргө, суунун жетиштигисиздигине адаптация кылышыбыз керек. Ал үчүн жаратылыш кырсыктары боюнча алдын ала маалымат берүү зарыл. Токойлордун санын көбөйтүш керек, тал- теректер селдердин, суу ташкындарынын санын жана масштабын азайтат. Адамдар "биз эч нерсе кыла албайбыз" дешет, кыла алышат! Талдар таштарды, кумдарды сел менен кошо агызбай кармап калат, бул суу ташкындарынын ылдамдыгын азайтат. Эгер суу ташкындары жайыраак акса, сел жүргөндө адамдарга үч эсе жеңил болот. Чакан дамбаларды орнотуш керек. Мурда дарыялардын жээгинде азыркыга салыштырмалуу токойлор, тал-теректер көп эле. Эгер алар жок болсо, суу оңго же солго кетпей, түз эле ылдыйды көздөй катуу ылдамдыкта агып түшүп, алдындагы баардык нерсени кыйратып кетет. Суу ташкындары ушундан улам келип чыгууда. Муну азайтуунун көптөгөн мүмкүнчүлүктөрү бар, ал үчүн жер кыртышын жакшыртуу зарыл. Кыргызстанда жайыттар деградация болуп калган, себеби малдын саны көп. Мурда элдер малдарын алыс жактарга жайышчу, бул учурда жерлер эс алганга жетишет эле. Жайыттардагы чөптөр тамырларын жайылтып, калыбына келчү. Эгер жердеги чөптөрдүн баардыгын мал жеп салса, чөптөр жаңы жалбырактардын өнүп чыгышы үчүн тамырын колдонуп баштайт. Мындай учурда чөптөрдүн тамырлары терең өспөй, жерлер деградацияга учурайт. Малдын саны өскөн сайын тобокелдик дагы өсөт. 


Климаттын өзгөрүшү ден соолуктун негизги көйгөйүнө айланууда

Борбор Азия өлкөлөрү климаттын өзгөрүшүнө өтө алсыз. Катуу ысык толкундар, кургакчылык, нөшөрлөгөн жаан-чачындар жана башка экстремалдуу аба ырайынын кесепеттери экологиялык, экономикалык жана ден соолуктун негизги көйгөйүнө айланууда. Маселен, Казакстандагы дээрлик эки айга созулган суу ташкындары өлкөдөгү акыркы 80 жыл ичиндеги эң чоң катастрофалык сел болгону айтылууда. Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу болуп жаткан жаратылыш кырсыктары туурасында алдын ала эскертүү чаралары тобокелдикти азайтып, кесепеттерин минималдаштырат. Бул чаралар Париж келишиминин жана Сендай тобокелдиктерди азайтуу программалары сыяктуу глобалдык демилгелердин алкагында климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө абсолюттук артыкчылык болуп саналат.   

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер