Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Министр Жунушалиев акыркы күндөрү сөгүнчөөк болуп кеттиби?

Министр Жунушалиев акыркы күндөрү сөгүнчөөк болуп кеттиби?

05-апрель, 21:36
1 828 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Оро албаган орок тандайт” дечү эле. “Участковыйдан” көтөрүлгөн Кашкар Жунушалиев кол астындагы ички иликтөө кызматы менен 7-башкармалыкка таянып алып, калган жагын “каарып жеп”, күнүгө урушуп, сөгүп-сагып атабы? Алапайын таппай калган комендант Алмаз Орозалиевди жүдөтүп, иштерин үзгүлтүккө учураткан кербезиби? Өздүк курамда моралдык-психологиялык жагдай начарлап, баардык көйгөйлөр министрге такалганы, натыйжада, нааразы болгон милициянын катмары көбөйүптүр. Өзгөчө абал учурунда ансыз да кырдаал кырды-бычак болуп баратса, Кашкар Жунушалиевдин уюштуруучулук жөндөмү жетишпесе, аягы жакшылык менен бүтпөйт го? Интрига ырбап, ыр-чыр күчөгөн жерде ырааттуулук болобу?.. 

Коопсуздук кеңеши, президенттик аппарат учурдагы ИИМдеги ички атмосферасына иликтөөгө алып, бир тыянакка келишпесе, эртең кеч болуп калбайбы?..

А баса, Кашкар Жунушалиев “чоң муштумдар” Малик Нурдинов менен Жеңиш Жоробековду сөгө албаганы эмнеси? (Ош, Жалал-Абаддын коменданттары.)

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер