Акыркы кабарлар
» Коом » MCN Coin, "эшек чуусу"... Юруслан Тойчубеков акталууга жетишти
MCN Coin, "эшек чуусу"... Юруслан Тойчубеков акталууга жетишти
27-май, 00:19


MCN Coin чыры боюнча уюштуруучулары Исрадин Субанбеков 7 жылга, Рыскул Болотбеков менен Мухтар Бегмат уулу 5 жылдан жаза алышып, соттолушту. Аларга криптовалюта боюнча кеңеш берип жүргөн Финкөзөмөлдүн мурдагы жетекчиси Юруслан Тойчубеков толук акталды.
Тойчубеков мындан 10 чакты жыл мурда “эшек чуусу” менен “дүң” болгон, бирок, юридикалык жактан айыпталган эмес. Өзү ал тууралуу эшек этин сатууга тиешеси жоктугун, алардын үй-бүлөсүнө таандык шаар четиндеги сарайды ижарага алышкандардын иши болгонун билдирген.
Юруслан Тойчубеков кийинки жылдарда чет өлкөлүк үлкөн бизнесмендер менен эл аралык ири долбоорлорду ишке ашырууга аракеттенип жүргөнүн маалымдашты.











