Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эт, жумуртка, өсүмдүк майы эмнеге кымбаттады? Мындан ары кандай болот?

Эт, жумуртка, өсүмдүк майы эмнеге кымбаттады? Мындан ары кандай болот?

26-ноябрь, 17:55
1 984 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(24.kg маалымат агенттиги даярдаган баалардын кескин өсүп кетишинин себептерин кыргызчаладык)

Өлкөбүздө азык-түлүктүн баасы асмандап кетти. Айрыкча эт, тооктун жумурткасы жана өсүмдүк майы кымбаттады. Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, эки жуманын ичинде (5-ноябрдан 19-ноябрга чейин) уйдун этинин орточо чекене баасы дагы 20-50 сомго көтөрүлдү. Улуттук статистика комитети андан да таңкалычтуу цифраларды келтирүүдө:  Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында эт 70 сомго кымбаттады.


Баалар секирик менен өсүп жатат

Эт эле кымбаттаган жок. Бир ай мурун тооктун жумурткасын орто эсеп менен 77 сомго сатып алсак, азыр жок дегенде 83. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, эң жогорку өсүш Өзгөндө байкалууда. Бүгүн анын ону 91 сом.

Өсүмдүк майы орто эсеп менен 26 сомго кымбаттады. Республикада анын баасы 127 сом. Өткөн айдын башында ал орто эсеп менен 101 сомду түзсө, бир нече күндүн ичинде майдын баасы 116га чейин көтөрүлдү.

Сүт, кумшекер, жашылча жана башка азыктар бир аз кымбаттады.


Кургакчылык, куш тумоосу жана доллар

Өлкөнүн гипермаркеттеринин өкүлдөрү азык-түлүктүн кымбатташы доллардын көтөрүлүшү менен байланыштуу деп эсептешет. Америкалык валюта акыркы айда дээрлик 5 сомго кымбаттады. Бул импорттолгон товарлардын наркына таасир этет.

Соода түйүндөрүнүн биринин менеджери ун жана макарон азыктары, дан өсүмдүктөрү, өсүмдүк майы, тооктун жумурткасы, картошка жана кумшекер сыяктуу баалар жогорулагандыгын айтты.

«Россияда күнкараманын үрөнү начар жыйналгандыктан, күнкарама майынын баасын көтөрүүгө туура келди. Казакстанда куш тумоосу күчөп жатат, буга байланыштуу жергиликтүү жумуртка коңшу өлкөгө экспорттолот, суроо-талап сунуштан ашып түшөт, ошондуктан баа өсүп жатат. Кумшекер – бул биржалык продукт, ошондуктан бардык КМШ өлкөлөрүндө наркы жогорулаган. Башка азык-түлүк товарларына баанын секириши доллардын курсунун көтөрүлүшү менен байланыштуу» деп айтылат гипермаркетте.


Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин отчетунан

Россияда кургакчылыктын айынан күнкарама түшүмүнүн көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу дээрлик төрттөн бирге аз. Россиялык экспорттоочулар көптөгөн келишимдерге кол коюшкан жана аларды аткаруу үчүн чийки зат үчүн жигердүү күрөшүшөт» деп билдирет агенттик.

Ошондой эле департамент тооктун жумурткасына баанын көтөрүлүшү сезондук көрүнүш деп түшүндүрүүдө.


Мындан ары эмне болот?

Эксперттердин божомолдору маанай чөгөрөт. Кыргызстан импортсуз жашай албайт, демек, доллар жана евронун курсу менен байланыш дайыма болот. Өлкөнүн соода балансы жылдан жылга начарлап баратат, анткени импорттун үлүшү өсүүдө. Бүгүнкү күндө божомолдор боюнча ал 80 пайызды түзөт. Экономисттер бул кырдаалды өтө оор деп эсептешет.

«Биз баалуулуктарыбызды жана өлкөнүн өнүгүү жолун түп-тамырынан бери өзгөртүшүбүз керек. Мындай шартта бир дагы чет элдик инвестор биздин экономикага инвестиция салбайт. Ички инвестициялардын кескин азайган агымы байкалууда. Бул абдан өкүнүчтүү. Эгер ушундай улана берсе, эл жакырланып, жумуш азайып, коомдук нааразычылык күчөп, экспорт азайып, импорт өсөт. Бюджеттик оорчулук жөн эле көбөйөт, тышкы карыз боюнча төлөмдөрдү унутпашыбыз керек” дейт эксперт Бакыт Дегенбаев.

Эгерде Конституцияны кайра иштеп чыкканга тойбогон Кыргызстандын бийлиги ушул курч көйгөйлөрдү чечүүнү колго албаса, анда биз жазында ачкачылыктан, башаламандыктан алыс болбойбуз...  


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер