Шайлообек Атазов: “Спортту өзүнчө министрлик кылып ачууну президентке сунуштап атабыз”


-- Шайлообек мырза, сиз саясатка чоң спорттон келгенсиз. Спорттун бүгүнкү негизги көйгөйү эмнеде?
-- Спортко мамлекеттик деңгээлде көңүл буруу үчүн биз бюджеттен чоң акча каражаттарын карайбыз. Бирок, бөлүштүрө келгенде департаменттин директору барса, ага көңүл бурушпайт. Башка министрликтен баргандар “учаны”, “жамбашты” алып кетишет. Ал эми спорт мекемесине болсо “кабырганы” ыргытып коюшат. Мындай мамиле менен спортту дүйнөлүк деңгээлге чыгаруу кыйын. Бирок, бюжеттик каражат бизге караганда он эсе көп бөлүнгөн мамлекеттердин спортчуларын биздин балдар мелдештерде көтөрүп чаап атышат. Ушул жагын ойлош керек. Эң негизги көйгөй машыктыруучулардын айлык акыларында. Бүгүнкү күндө орточо 16 миңден айлык алышат экен. Кыргызстанда бир да машыктыруучуга квартира бериле элек. Күлүктү таптаган саяпкер да, ушуну унутпаш керек. Машыгуу, мелдеш учурунда кээ бир спортчулар майып болуп калат. Бирок, калыбына келтирүү борборлорубуз жок. Борбордо жападан-жалгыз бир спорт интернаты бар, облустарда жок. Кошуна Өзбекстан, Казакстанда ар бир облуста спорт интернаттары, спорт академиялары бар.
Дагы бир көйгөй – бул машыктыруучулардын жетишсиздиги. Айрыкча алыскы райондордо, айылдарда бул нерсе чоң көйгөйдү жаратууда. Биз спорттогу көйгөйлөрдү чечиш үчүн Жогорку Кеңештин токтомун чыгарып, президентке сунуштап атабыз. “Спортту өзүнчө министрлик кылып ачалы, ал бүт спорт саясатын жүргүзсүн” деп. Мектеп, студенттер спорту, кесипкөйлөр, олимпиада спорту боюнча бирдиктүү саясат керек. Бир каражатты аяп, үнөмдөп жатабыз, бирок эки жылдан кийин Францияда өтүүчү олимпиадада бул каражат он-жүз эселеп кайтарым берерин ойлобой элебиз.
-- Ошондо канча каражат керек экен?
-- 250-300 миллион сомдун тегерегинде. Башка тармактарга миллиарддаган каражат бөлүп, бирок эч кандай натыйжа болбой жатпайбы! Былтыр мисалы, айыл чарба министрлигине 10 миллиард сом бөлүп бердик. Болгону 3 миллиардын иштетип, калганын иштете алган жок. Бүгүн дыйкандардын өндүргөн продукциялары сатылбай турат. Транспорт министрлигинде деле ушундай эле акыбал. Албетте, баардык тармактарга көңүл бурулушу керек, бирок улуттун эртеңки келечегин, генофондун камсыздоочу тармакка айрыкча көңүл бурулууга тийиш. Өлкөдө спорт өнүгүп, дени сак жаш муун өсүп жатса, демек, ал өлкөнүн келечеги бар деп бекеринен айтышпайт да. Бул мамлекеттик идеология кылып көтөрө турган маселе.
"Азия Ньюс" гезити











