Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Марат Иманкулов: “Конституциялык палата аркылуу мыйзамдуулукту тактайлы”

Марат Иманкулов: “Конституциялык палата аркылуу мыйзамдуулукту тактайлы”

02-ноябрь, 09:28
596 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Марат мырза, легитимдүү бийлик түзүлгөнү менен коомубузда дале болсо башаламандык болууда...

-- Жаңы легитимдүү бийлик өкүлдөрү, премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров “мыйзам талаасында гана иш кылабыз” деп элге жарыялады. Ошонун алкагында иштер жүрүп баштады. Бирок, башка тараптар буга макул эместигин көрүп, “мыйзам талаасынан чыгып кетип атабыз” дегендей нааразычылыктарды билдирип, өзгөчө парламенттин ишине сын айтып атышат. Булардын баары бекеринен эмес. Ошондуктан Конституциялык палатага кайрылып, ошол аркылуу чечилиши керек. Бул көчөдө же аянтта чечиле турган маселе эмес. Мыйзам талаага киргенден кийин баардык кыймыл-аракеттер бийлик тарабынан дагы, ага оппонент болгондор тарабынан дагы мыйзам талаасынан чыкпаганыбыз оң. Олку-солку мезгил... Буга кошумча, кыш кирип келди, өкмөт тарабынан кандай даярдык көрүлүүдө? Азык-түлүк коопсуздугу, энергетика коопсуздугу – мунун баары көп суроолорду жаратып аткан мезгил. Аткарыла турган жумуштар бар экенин байкап турабыз. Мындай учурда мамлекеттеги саясый жана коомдук уюмдар, керек болсо жарандар биргеликте бири-бири менен тирешүүнүн ордуна кайрадан биригип алып, мамлекеттин келечегин ойлонгонубуз кажет. Бизге үчүнчү жолу өлкөбүздү оңдоп-түзөп алганга мүмкүнчүлүк берип атат. Колубуздан чыгарбашыбыз керек. Өнөкөткө айлантып алуунун кажети жок. 

-- Кептин баары биздин Башмыйзамда болуп аткан жокпу?

-- Жашап аткан Конституциябыз Кыргызстандын келечегине жөлөк болуп бере албайт экен. Буга элдин баарынын көзү жетти. Бул биринчиси. Ал эми экинчиси, биздин мамлекеттин башкаруу системасын алмаштырыбыз керек. Тез аранын ичинде конституциялык кеңешме түзүп, жаңы конституциялык реформа жүргүзүү абзел. 

-- Ал кандай жыйынтык берет?

-- Башмыйзамда “Эл – бийликтин булагы” деп жазылып турат. А биз болсо “Эл – бийликтин ээси” деп мамлекеттик жаңы башкаруу системасын түзүү керек. Ата-бабаларыбыз миң жылдардан бери салттуу түрдө пайдаланып келген Курултай институтун кошо киргизгенибиз оң. Башка мамлекеттердин үлгүсүн алып эле кете бербестен, өзүбүздүн каада-салттарыбыз бар, ошонун жакшы жактарын алып, улуттук колоритти кошуп, азыркыдай башаламандыкты чыгарбоого, чыныгы мыйзамдуулукка, чыныгы демократияга, бекем тартип орной турган башкарууну түзүш керек. Мына ошондо гана жакшы жыйынтык берет деген ойдомун.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер