Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тенгиз Бөлтүрүктүн ишмердигине алдын ала көзөмөл кылуу зарыл

Тенгиз Бөлтүрүктүн ишмердигине алдын ала көзөмөл кылуу зарыл

15-апрель, 19:30
471 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өлкөдөгү ири долбоорлорду камтыган, кен байлыктарды иштетүүчү “Улуу көчмөндөр мурасы” түзүлүп, башчылыгына Тенгиз Бөлтүрүк дайындалган. Мамлекеттин дээрлик байлыгы мына ушул ишкананын карамагында болот. Келечегин кандай элестетесиз?

Саясый интеллигенцияда Тенгиз Бөлтүрүккө карата ишенбөөчүлүк күчөп баратат. Шек жараткан “каарманыбыз” убагында Канаданын жарандыгын алганы, кийин ал жактан кылмыш иши козголгону, айтор, баскан жолу күңүрт экенин кандайча түшүнөбүз? Соңку жылдары Кумтөрдү жетектеп, көп суроолорду жаратуу менен кирешесинен адаштырганбы? “Центеррага” байланыштуу бир топ көмүскөдөгү жагдайлар ачылбай, элдин байлыгына ээ боло албай калдыкпы? Экологиялык зыяндар кат-кат таризинде келечек муунубузга коркунучтуу көйгөй катары баш оору жаратары ырас. “Улуу көчмөндөр мурасын” жетектөө менен Тенгиз Бөлтүрүк ондогон, жүздөгөн кен байлыктарыбызды кандайча иштетет? Азырынча так маалыматты уга элекпиз. Эмне үчүн?

Кыскасы, коомчулук астында ачык эмес, кылган иши бүдөмүк адамдан эмнени күтөбүз? Ар бир бийликтин тушунда мамлекетке чыккынчылык кылуу, коррупция сыяктуу ири кылмыш иштери ачыкталбай, качан гана төбөлдөр алмашканда көзүбүз ачылып атпайбы! Буга чейинки практикаларга, баскан жолубузга саресеп салсак жетиштүү. Андыктан, Тенгиз Бөлтүрүктүн ишмердигине президент Садыр Жапаров алдыртан көзөмөлдү күчөтүп, кыраакылыгын көрсөтүшү зарыл. Эртең бармагыбызды тиштеп калбайлы. “Куйругун түйүп” кетсе кантебиз?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер