Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Арзыбек КОЖОШЕВ: “Тышкы карызды жоюу же мөөнөтүн узартуу боюнча сүйлөшүү жүргүзсө болот”

Арзыбек КОЖОШЕВ: “Тышкы карызды жоюу же мөөнөтүн узартуу боюнча сүйлөшүү жүргүзсө болот”

05-декабрь, 16:11
951 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Арзыбек Кожошев КР мурунку экономика министри, экономика илиминин доктору, кесипкөй адис. Кечээ өкмөткө караштуу финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу буйрукка 4-декабрда премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев кол койду. Быйыл жазында Евразия экономикалык комиссиясында Кыргызстандан министр болуп дайындалган.

-- Арзыбек мырза, маекти жаман сөздөн баштайлы деп турам. Мамлекеттик карыз деген эмне?

-- Мамлекеттик карыз өзү экиге бөлүнөт: тышкы жана ички карыз деп. Тышкы карыз – биздин мамлекеттин башка мамлекеттерге болгон карызы. Ал эми ички карыз -- мамлекеттин ички кредиторлорго, анын ичинде банкка, элге болгон карызы. 

-- Коомчулукту тышкы карызыбыз кабатырлантат. Адис катары сиздин оюңузду уксак?

-- 31-августка карата мамлекеттин жалпы карызы 4 миллиард 469 миллион доллардын тегерегинде. Ошонун тышкысы 3 млрд. 761 млн. доллар. Ал эми ички карызыбыз 707 млн. доллар. Албетте, бул карыздар бир күндүн ичинде боло калган эмес. Эгемендик алган жылдардан баштап эки тармактуу карыз ала баштаган. Биринчиси, мамлекеттерден эки тараптуу. Экинчиси, көп тараптуу, эл аралык каржы иниституттардан: Эл аралык валюта фондунан, Бүткүл дүйнөлүк өнүктүрүү банкынан ж.б. Карыздын эбегейсиз көбөйгөнү 2010-жылдан башталган. Ага чейин да болгон, болжол менен 1 млрд. 800 млн. доллар тегерегинде. 

-- Айтсаңыз, биздин мамлекеттин, анын ичинде СССРдин башка мамлекеттерге болгон карызынын тарыхы барбы?

-- Тарыхы бар. Дүйнөдө эки жүзгө жакын мамлекет болсо, ошолордун баардыгынын карызы бар. “СССР тушунда” деп калдыңыз, мен бир аз сиз айткан тарыхка токтолоюн. Советтер союзу кулаганда ошол мезгилде башка мамлекеттерге 104,5 млрд. доллар карызы болгон. Союздук республикалар өз алдынча суверендүүлүктү алып атканда “тышкы карызды пропорционалдуу түрдө бөлүп алабыз” деп сүйлөшүлгөн. Россия мамлекетине 60 пайыз тийип, ал эми Кыргызстандыкы бир пайыздын тегерегинде болгон. Бирок, 1993-жылы Россия мамлекети “Советтер союзунун тышкы карызын толук өз мойнубузга алабыз, төлөйбүз” деген. Анткени, СССРдин анын ичинде Россиянын суверенитетин башка өлкөлөр арасында көтөрүш үчүн ушундай кадамга барып, акыркы карызын 2017-жылы төлөп бүттү. 

-- Ушул жерден сизге бир суроо берейин, 2006-жылдары ХИПИК деген ызы-чуу чыккан. Сиз анда финансы министрлигинде иштесеңиз керек эле. Бул эмне деген ызы-чуу?

-- Ушул маселе боюнча жекече оюмду айтып коёюн. Негизи биздин Кыргызстанда чечим кабыл алганда көп учурда саясый өңүттө чечим кабыл алынып калат. Кесипкөй адистердин сөзүн укпай, алардын ойлору менен эсептешпегендери бир аз жанды кейитет. Мейли экономикалык болсун, мейли каржылык болсун. ХИПИК программасына киргенде болмок. Себеби, анын негизги талабы катары ар бир адамдын киреше булагы миң долларга жетпеген болуш керек экен. “Эгер сиздер ушул программага кирсеңиздер, тышкы карызыңыздардын 50 пайызын жоюп беребиз” дешкен. 2006-жылга биздин мамлекеттин тышкы карызы 1 млрд. 890 млн. доллар эле. Карыздын 50 пайызы болгондо 900 млн. доллардай жоюлмак. Агезде биздин кээ бир кыргыздын азаматтары “Африка мамлекеттерине теңелип, биз негр болуп калат экенбиз” деп коомчулукту ызы-чуу кылып атып, ошондон улам саясый өңүттө баш тартууга туура келген. Чындык үчүн айтып коюш керек, ХИПИК программасына көбүнчө Африка, жадагалса Америка мамлекеттери кирген. Перу жана Боливия өздөрүнүн карыздарын жоюп алган. Эгер биз ошол кезде кирсек, эч кандай коркунуч болбойт эле. Программанын негизги критерийи катары улуу муундагы жана балдардын өлүмүн азайтуу болчу. Мындай программа менен биздин өкмөт ансыз деле иш алып барып аткан эле. 

-- ХИПИКке окшогон программага Тажикстандын киргенин билебиз. Ошого карабай Кытай мамлекети карыздын эсебинен бир канча гектар жерин алып койду эле. Ушул тууралуу оюңузду уксак?

-- EMDRIA деген ХИПИКке окшогон программага кирип, 50 пайыз карызын жоюп алды. Алар Африка деңгээлине түшүп, же жок болуп кеткен жок да. Бул жерде айтып коё турган бир нерсе бар. Японияда окуп жүргөн мезгилде атактуу профессорлор бизге сабак берип жатып, “алтын эреже бар. Эч качан коңшу мамлекеттен карыз албаш керек. Анткени, карыздын мөөнөтү бүткөн учурда аларды төлөө кыйынга туруп калат. Чектеш турган кен байлык жериңди сурап, карыздан кечүү жагын сунуштайт” дешкен. Буга мисал Тажикстан болуп калат. Кытайга 1 млрд. 700 млн. доллар карызынын ордуна жеринин бир пайыз аянтын берип коюшту. Себеби, өз учурунда чек ара ортосунда денонсация, демаркация болгон эмес.  

-- Кайсы бир учурда Кыргызстандын карызын кечкен чет мамлекеттер бар. Ошолор боюнча айтсаңыз?

-- Россия мурдагы алган 488 млн. долларды, Түркия 48 млн. долларды жана Германия 14 млн. долларды, ошол эле “Париж клубу” деген бар, 2004-2005 жылдары жалпы 600 млн. доллар карызыбызды карап туруп 124 млн. долларын кечишкен. 

-- Кытайдан канча алганбыз жана эмне үчүн?

-- Кытайдан 2010-жылдан кийин 1 млрд. 700 млн. доллар карыз алдык. Бул маселе үч тармакка бөлүндү: “Датка-Кемин” көмөк чордону, түндүк-түштүк альтернативалык жолу жана ЖЭБди реконструкциялоого алдык. 

-- Кытайга болгон карызды төлөбөй койсок эмне болот?

-- Эмне болмок эле, бүткүл дүйнөдө абийирибиз аштай төгүлөт. Кадыр-баркыбыз бир эле Кытай мамлекети алдында эмес, башка мамлекеттер арасында түшөт. Биз менен эсептешпей коюшат. Башка мамлекеттеги банктык эсептер жабылат. Тышкы карыз сөзсүз төлөнө турган маселе. Албетте, сүйлөшүүлөрдү жүргүзсө болот. Карызды жоюу же пролангация (мөөнөтүн узартуу) боюнча.


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер