Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алматыда келин үч баласы менен тогузунчу кабаттан боюн таштады

Алматыда келин үч баласы менен тогузунчу кабаттан боюн таштады

23-ноябрь, 12:14
1 558 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Казакстандын Алматы шаарында 28 жаштагы келин үч баласы менен тогузунчу кабаттан боюн таштады. Төртөө тең жеринде көз жумганын шаардык полиция департаментинин маалымат кызматы билдирди.

"Окуя Жетысу кичирайонундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. 28 жаштагы келин алты, беш жана эки жашар балдары менен кошо секирген. Келин жана эки бала ошол жерден көз жумган. Ал эми бир бала “тез жардам автоунаасында үзүлдү" деп жазылат полициянын билдирүүсүндө.

Күбөлөрдүн айтымында, келин алгач үч баласын ыргытып, анан өзү боюн таштаган. Тартип коргоо мекемеси тараткан маалыматка караганда, аялдын суицидге баруусуна үй-бүлөсүндөгү жаңжал себеп болушу мүмкүн.

Полиция "Жанын кыюуга жеткирүү" деген берене боюнча кылмыш ишин козгоду. Ошондой эле каргашанын себептерин иликтөө үчүн атайын ыкчам топ түзүлгөнү кабарланды.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер